Шайлообек Атазов China Road компаниясын текшерүүнү талап кылды

Шайлообек Атазов China Road компаниясын текшерүүнү талап кылды

Кытайлык China Road “Түндүк - Түштүк” жолун курууда төлөгөн салыктын көлөмү тууралуу маселени ЖК жыйынында депутат Шайлообек Атазов көтөрүп чыкты.

Анын айтымында, ишкана 1.1 млрд долларга курулуш иштерди жүргүздү.

“Азыр ал жолдо жүргүнчүлөр барбы? 1.1 млрд долларга иштерди аткарса, жолдун сапаты текшерилдиби, канча салык төлөштү? Анан биз [насыяга] 1 млрд доллар алсак, ала кайра эле чыгарып кетеби”, - деп өкмөткө кайрылды депутат.

Атазов кытайлык ишкананын ишмердигин текшерүүнү талап кылды.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан балдар үчүн угуу жабдууларын 30 млн сомго сатып алды

Кыргызстан балдар үчүн угуу жабдууларын 30 млн сомго сатып алды

Кыргызстан биринчи жолу угуусу начар 35 бала үчүн "Cochlear" компаниясынын заманбап сүйлөө процессорлорун сатып алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпы баасы 30 млн сомду түзгөн жабдуулар республикалык казынанын каражатына Австралиядагы өндүрүүчү заводдон түздөн-түз, ортомчуларсыз алып келинди. Жаңы процессорлор балдардын угуу,

Социалдык контракт: Биринчи май районунда 22 үй-бүлөгө 150 миң сомдон берилди

Социалдык контракт: Биринчи май районунда 22 үй-бүлөгө 150 миң сомдон берилди

Биринчи май районунун муниципалдык администрациясында социалдык контракт боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Райондук администрациядан билдиришкендей, жыл башынан бери социалдык контракт боюнча 38 арыз түшкөн. Анын ичинен 22 үй-бүлөгө 150 миң сомдон каражат бөлүнгөн. Мындан тышкары, 8 арыз кайра кароого калтырылып, дагы 8 арыз талаптарга жооп бербегендигине байланыштуу четке кагылган.

Таластагы "Баластан" борборунун курулушу 85%га аяктады

Таластагы "Баластан" борборунун курулушу 85%га аяктады

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Талас шаарында курулуп жаткан "Баластан" балдар оюн-зоок борборундагы иштердин жүрүшү менен таанышты. Ведомствонун маалыматына ылайык, учурда объекттеги курулуш иштери 85%га аткарылып, 400гө жакын жумушчу эмгектенүүдө. Жалпы аянты 6,5 гектарды түзгөн комплекс 9 корпустан турат. Анда

Кыргызстан менен Жапония климат жана экология маселелерин талкуулады

Кыргызстан менен Жапония климат жана экология маселелерин талкуулады

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Жапониянын тышкы иштер министринин парламенттик орун басары Эри Арфия менен жолугушту. Ведомствонун маалыматына ылайык, тараптар айлана-чөйрөнү коргоо, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, туруктуу өнүгүү жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча кызматташтыкты талкуулашты. Өзгөчө көңүл критикалык мааниге ээ минералдарга бурулуп, бул багытта