Коом
Кара-Суу районунда 75 орундуу бала бакчанын курулушу бүттү
Ош облусунун Кара-Суу районунун Жапалак айылында 75 орундуу бала бакчаны куруу иштери 2022-жылы башталган. Бул тууралуу Мамкурулуш билдирди. Бүгүнкү күнгө карата 705 чарчы метр аянтындагы бала бакчанын имараты бүткөрүлүп, эмеректер жана жабдуулар коюлду. Бала бакчада санитардык нормаларды сактоо үчүн жана билим берүү программаларына ылайыкталган бардык шарттар каралган: сабактарды жана оюндарды