Баш калаада көмүр базалары иштеп баштады. Даректер

Баш калаада көмүр базалары иштеп баштады. Даректер

Кышкы мезгилге карата Бишкекте көмүр сатуучу жайлар иштеп баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, Ленин районунун аймагында 7 көмүр базасы бар:

• Мурманск көчөсү 126 дарегиндеги  көмүр базасы. (Кара-Кече көмүрү);

• Мурманск көчөсү 45/2 дарегиндеги “Кара-Тоо” ЖЧКсы(мурдагы "Торг-Синтез" ЖЧКсы) (Кара-Жыра көмүрү);

• Мурманск көчөсү 122, 122а дарегиндеги “Береке” ЖЧК(Кара-Кече көмүрү);

• Мурманск көчөсү 1Б дарегиндеги “Беш Сары" ЖЧК (Кара-Кече көмүрү);

• КРнын Коргоо министрлигинин Дэн Сяопин 306а дарегинде жайгашкан көмүр базасы (Кара-Кече көмүрү);

• Дэн Сяопин пр. 308/4 дарегиндеги “Болотбеков” жеке ишкер  (Кара-Кече көмүрү);

• Мурманск көчөсү 1Б дарегинде, түштүк тараптан киргенде  “Золотая корпорация” ЖЧК (Шабыркүл көмүр).

Октябрь районундагы көмүр сатуу пунктунун дареги:

• "Төкөлдөш" конушу  "Аламүдүн" станциясында "Глобал Азия Пропертиз" ЖЧК.

Свердлов акимиатынын аймагында Достоевский көчөсү  №1 дарегинде ИК «Гефест» 1 отун базасы бар.

Мындан тышкары окуңуз

Кылмыштуу ишти каржылоого жана аны адалдоого каршы аракеттенүү маселеси талкууланды

Кылмыштуу ишти каржылоого жана аны адалдоого каршы аракеттенүү маселеси талкууланды

Бүгүн Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссиясынын 18-жыйыны болуп өтү. Ишчарага  Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, Кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча Евразия тобунун эксперттери, Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Адылбек Касымалиев жыйынды

Финансы министрлиги Бакай-атадагы социалдык мекемеге колдоо көрсөттү

Финансы министрлиги Бакай-атадагы социалдык мекемеге колдоо көрсөттү

Финансы министри Руслан Сүйүналиев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районундагы улгайган адамдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандар жашаган социалдык стационардык мекемеге барып, анда жашаган жарандар менен жолугушуп кайтты. Финансы министрлигинин маалыматына караганда, КРнын Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык, Финансы министрлиги аталган мекемеге камкордук көрсөтүүнү өз милдетине алган.

Бишкекте 6 акча алмашуу бюросунун лицензиясы убактылуу токтотулду

Бишкекте 6 акча алмашуу бюросунун лицензиясы убактылуу токтотулду

КРнын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк Бишкек шаарындагы 6 алмашуу бюросунун лицензиясынын аракетин убактылуу токтотту.  Улуттук банктын маалыматына ылайык, төмөнкү төрт алмашуу бюросунун лицензияларынын аракети 2026-жылдын 12-сентябрынан 26-сентябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду: * “Милан Обмен” ЖЧК; * “МЭФФ КЭШ”

Кыргызстан менен Кытай техникалык жөнгө салуу жаатында кызматташтыкты өнүктүрөт

Кыргызстан менен Кытай техникалык жөнгө салуу жаатында кызматташтыкты өнүктүрөт

Бүгүн Экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов Кытайдын Рынокту жөнгө салуу боюнча мамлекеттик башкармалыгынын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу министрлик билдирди. Жолугушууда техникалык жөнгө салуу, шайкештикти баалоо, сертификаттоо жана аккредитациялоо тармактарындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Кыргыз тарап өлкөнүн техникалык жөнгө салуу жана улуттук аккредитациялоо системалары тууралуу маалымат берди.