Коом
Кеминде ЦОНду курууда 4.6 млн сомго зыян келтирилген
Кемин районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Калкты тейлөө борборунун имаратын курууда мамлекетке 4 млн 675 миң сомдук өзгөчө ири өлчөмүндөгү чыгым алынып келингендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Тактап айтканда, айрым мамлекеттик органдардын жооптуу кызмат адамдары өз кызмат абалдарынан кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, пайда көрүү максатында баштапкы сметада аныкталган