Эми "i-Dyikan" платформасы менен фермерлер насыя үчүн онлайн кезекке тура алышат

Эми "i-Dyikan" платформасы менен фермерлер насыя үчүн онлайн кезекке тура алышат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" менен биргеликте фермерлерге жеңилдетилген насыяларды алуу үчүн электрондук кезек жакын арада ишке кирерин жарыялады.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жаңы санариптик механизм Министрликтин техникалык оператору — "АгроСмарт" мамлекеттик мекемеситарабынан иштелип чыгып, "i-Dyikan" платформасынын негизинде жүзөгө ашырылды.

2026-жылдын 15-февралынан тартып фермерлер платформанын жардамы менен каттоодон өтүп, насыя алуу үчүн банкка электрондук кезекке тура алышат. Ар бир арыз жеңилдетилген каржылоо программаларынын критерийлерине ылайык каралат.

Санарип форматка өтүү фермерлерге арыздын жүрүшүн онлайн көзөмөлдөөгө жана Министрликтин кызматтарына электрондук жетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жаңы механизм фермерлердин финансылык ресурстарга жетүүсүн жеңилдетип, өлкөнүн айыл чарба тармагын санариптештирүүнүн маанилүү кадамыболуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

2020-2021-жылдарга чейин өлкөгө жылына 2-3 миллион гана турист келсе, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 13 миллионго жеткенин мамлекет башчысы Садыр Жапаров билдирген. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча туризмдин абалы кандай? Анын мамлекеттин экономикасына кошкон салымы канчалык? Ушул өңдүү суроолорго жооп алуу үчүн "Ишкер медиа" сайты туризм боюнча

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Бишкектеги Краснодар көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

13-августта Бишкек шаарынын Ленин районунда Краснодар көчөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылыш болду. Жаңыланган тилке Б. Алыкулов көчөсүнөн Тирасполь көчөсүнө чейинки аралыкты камтыйт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөөдөн өткөн жол тилкесинин узундугу 510 метрди түзөт. Капиталдык оңдоо иштерин “Су-4 Кара-Балта” ЖЧКсы подряддык

Ош шаарындагы Б.Осмонов көчөсү 15 күнгө жабылды

Ош шаарындагы Б.Осмонов көчөсү 15 күнгө жабылды

Ош шаарында 15-августтан 30-августка чейин Б. Осмонов көчөсүнүн Мукумий көчөсүнөн Достук айлампасына чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.  Ош шаардык мэриясы, Б. Осмонов  көчөсүнөн Мукумий, А.Атаканов көчөлөрү аркылуу альтернативдүү жол аркылуу убактылуу каттоону өтүнөт. Ошондой эле Төлөнов көчөсүн оңдоп-түзөөгө байланыштуу Саргалчаев, Абжалов көчөлөрү 15-августтан тарта убактылуу жабылды.

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын – Баетов жолуна асфальт төшөлүүдө

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Нарын –Баетов унаа жолунун 84 – 115-чакырым аралыгында курулуш иштери активдүү улантылууда. “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынын маалыматына ылайык, жалпы узундугу 31 чакырымды түзгөн аталган тилкенин бүгүнкү күндө 25 чакырымына асфальттын экинчи катмары төшөлүп бүттү. Курулуш иштерин №1 Жол куруу башкармалыгы жүргүзүүдө. Учурда жолдун калган бөлүгүндө асфальт