Күрөөканадан иштеп 4 млн сомду өзүнө ыйгарып алган аял кармалды

Күрөөканадан иштеп 4 млн сомду өзүнө ыйгарып алган аял кармалды

Чүй облусунда күрөөкананын кызматкери ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу фактысы боюнча шектүү катары кармалганын Чүй облусунун ИИББнин басма сөз кызматы билдирди.

2026-жылдын 11-январында Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө 1999-жылы туулган Ц.К. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Кант шаарындагы "У.П." күрөөканасында эксперт-баалоочу-кассир болуп иштеген, материалдык жоопкерчиликтүү адам болгон С.М. аттуу жаранга чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, С.М. насыяларды жогорулатылган баада жасалма түрдө тариздеп, акча каражаттарын ыйгарып алган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2024-жылдын ноябрынан 2025-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында С.М. жалпы суммасы 4 000 000 сом акчаны ыйгарып алган.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен кылмыш иши козголду.

КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, 1986-жылы туулган С.М. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат

Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Ал белгилегендей, мамлекет башчысынын сапары бүгүн башталып, эки күнгө созулат. Сапардын алкагында мамлекет башчысы Баткен облусунун жергиликтүү тургундары менен жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын модернизацияланган объектилери менен

Ишкер Media
Бишкектин айрым аймактарында 13-октябрда суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 13-октябрда суу убактылуу өчүрүлөт

13-октябрда саат 09:00дөн 00:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, суу турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо объектилерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине берилбейт. Суу өчүрүлө турган аймактар: • Алыкулов – Костанай – Муром – Садыгалиев – Лев Толстой

Ишкер Media
Электр энергиясына болгон муктаждык камсыздалат

Электр энергиясына болгон муктаждык камсыздалат

Кече Кара-Көл шаарында энергетика министри Алтынбек Рысбеков “Электр станциялар” ачык акционердик коомунда кеңешме өткөрдү. Ага компаниянын башкы дирекциясынын өкүлдөрү, филиалдардын директорлору жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты. Кеңешменин жүрүшүндө “Электр станциялар” ААКсынын башкы директору Улугбек Мамыралиев компаниянын ишмердүүлүгү, негизги өндүрүштүк көрсөткүчтөр, энергетикалык жабдуулардын учурдагы абалы, оңдоо иштеринин жүрүшү жана 2026–

Ишкер Media
Кочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөт

Кочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөт

10-октябрда Кочкор темир жол бекетинде алгачкы жолу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын вагондоруна көмүр жүктөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, жүктөлгөн көмүр Бишкек шаарынын ЖЭБине жөнөтүлөт. Жүктөө иштери Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылындагы көмүр аянтчасында жүрүүдө. Ташуу үчүн жалпы сыйымдуулугу 1 000 тонна болгон

Ишкер Media