Кызыктуулар
“Чуңкурчак” тоо-лыжа базасы иштеп баштады
Кечээ “Чуңкурчак” тоо-лыжа базасы расмий түрдө ишин баштап, президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн, Аламүдүн районунун администрациясынын өкүлдөрүнүн жана лыжа сүйүүчүлөрдүн катышуусунда ачылышы болгонун "Кабар" агентиги жазды. Базанын иши - Чүй өрөөнүнүн туристтик потенциалын жогорулата турчу демилгелердин бири болуп саналат. Белгилей кетсек, “Чуңкурчак” тоо-лыжасы Бишкек шаарынан 30 чакырым аралыкта жайгашкан.