Курултайдын 71 катышуучусу Президентти алдаганы анык болду

Курултайдын 71 катышуучусу Президентти алдаганы анык болду

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, IV Элдик курултайдын 71 делегаты аны алдаганын айтты. Өлкө башчысынын айтымында, курултайга келген делегаттардын баары жакында өткөн шайлоого катышканын билдирип, кол көтөрүшкөн.

"...Буга чейин делегаттардын бири тарабынан шайлоого байланыштуу суроолор берилген эле. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байланышкан маселелерге токтолуп, добуш берүүгө жарандарыбыз активдүү катышпай жатканын да өкүнүч менен белгиледим.

Ошону менен катар залга кайрылып, делегаттардын кимиси акыркы шайлоого барганын сурап, баргандары колун көтөрүүсүн өтүндүм. Баардыгы толук кол көтөрүштү. Бул түз эфирде да көрсөтүлдү. Камералар тартып атканын да алдын ала эскерткем.

Мени таң калтырганы жана бир аз капа кылганы өз аймактарынан шайланып келген делегаттардын айрымдарынын эч ойлонбостон туруп алдашканы болду. Борбордук шайлоо комиссиясы IV Элдик курултайдын 71 делегаты шайлоого барбаганын тактап берди. Эми аларды уят кылып аты-жөндөрүн ачыктабай эле коеюн. Ар бири өздөрү деле билишет", - деп жазды ал.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Кызыктуу

Акыркы жаңылыктар

Баары

Жалал-Абадда курулуш компаниясына 2 млн сомдон ашык айып пул салынды

Улуттук банк бир коммерциялык банкка айып пул салды

Бир жумада КРВИ жана сасык тумоонун 13 386 учуру катталды

1700дөн ашык жол тейлөө кызматкери бирдиктүү форма менен камсыздалат

Анкарада туризм жана саякат боюнча көргөзмө болуп өттү