Транспорт
Ашууларда каттам үзгүлтүксүз: жол тазалоо иштери жүргүзүлүүдө
12-мартка карата өлкө аймагындагы автоунаа жолдорунда абал туруктуу. Бардык унаалар үчүн чектөөлөр жок, жергиликтүү жана эл аралык маанидеги автожолдордо каттам үзгүлтүксүз уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Учурда төмөнкү негизги автожолдордо жана ашууларда жолдор ачык: * Ош–Сары-Таш–Эркечтам автожолунун Чыйырчык, Талдык, Тон-Мурун ашуулары