Тобокелдикке багытталган көзөмөл: кандай иштейт жана артыкчылыгы эмнеде?

Тобокелдикке багытталган көзөмөл: кандай иштейт жана артыкчылыгы эмнеде?

Банктардын ишенимдүү жана туруктуу иштеши өлкөнүн финансылык системасынын туруктуулугу үчүн зор мааниге ээ. Ошондуктан мамлекет банктардын ишине карата эрежелерди жана талаптарды белгилеп, алардын аткарылышын көзөмөлдөйт. Бул милдетти банктардын абалын баалоого, көйгөйлөрдү өз убагында аныктоого жана тобокелдиктердин алдын алууга мүмкүндүк берген банктык көзөмөл аткарат.

Тобокелдикке багытталган көзөмөл кандай иштээри, банктарды кадимки текшерүүдөн анын айырмасы жана Улуттук банк тобокелдиктерди кантип аныктап, алдын ала тцргандыгы тууралуу Ишкер медиа басылмасына Улуттук банктын Банктык көзөмөл башкармалыгынын институционалдык инспектору Зулфия Элкеева айтып берди.

Банктык көзөмөл деген эмне?

Банктык көзөмөл – Улуттук банк тарабынан банктардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйындысы. Улуттук банк банктардын ишине карата эрежелерди жана талаптарды КРнын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын жана «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамынын негизинде белгилейт.

Көзөмөлдүн негизги максаты — банктардын ишенимдүү иштешин камсыз кылуу, КРнын банк мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө, ошондой эле аманатчылардын, кредиторлордун жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн башка керектөөчүлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат.

Улуттук банк ар бир коммерциялык банк үчүн өзүнчө көзөмөл стратегиясын аныктайт. Анда Улуттук банктын ишинин негизги багыттары жана тобокелдикке багытталган ыкманын алкагында этияттык көзөмөлүнүн милдеттерин аткаруу үчүн банкка карата колдонула турган иш-чаралар чагылдырылат. Бул стратегияны ишке ашыруунун негизги куралы — аралыктан көзөмөл жүргүзүүнү түздөн-түз банкта инспектордук текшерүүлөрдү өткөрүү менен айкалыштыруу.

Банк системасы экономикалык процесстердин жана технологиялардын өнүгүшүнүн таасири астында тынымсыз өзгөрүп турат. Банктар санариптик чечимдерди киргизип, колдонуудагы кызматтарын өркүндөтүп, жаңы кызматтарды сунушташууда. Кардарлар банк бөлүмдөрүнө барып кызмат алуудан тышкары интернет-банкингди, мобилдик тиркемелерди пайдаланып, төлөмдөрдү аралыктан жүргүзө алышат.

Банктык кызматтардын өнүгүшү, жаңы финансылык продуктулардын пайда болушу жана банктык операциялардын татаалдашы жаңы тобокелдиктерди жаратып, жөнгө салуу жана көзөмөлдөө ыкмаларын өркүндөтүүнү талап кылат.

Улуттук банк көзөмөлдүн кандай негизги түрлөрүн колдонот?

Улуттук банк көзөмөл ишин эки негизги багытта жүргүзөт: тышкы (аралыктан) көзөмөл жана жеринде инспектордук текшерүү. Бул эки багыт бири-бирин толуктап, банктын ишмердүүлүгү тууралуу толук маалымат алууга, тобокелдиктерди өз убагында аныктап, баалоого жана зарыл болгон учурда КРнын мыйзамдарына ылайык көзөмөл чараларын колдонууга мүмкүндүк берет.

Тышкы (аралыктан) көзөмөл - Улуттук банк тарабынан банкка барбастан, туруктуу негизде жүргүзүлөт. Анын алкагында банктардын отчеттуулугу жана ишмердүүлүгү тууралуу башка маалыматтар изилденип, финансылык абалы жана тобокелдиктерди башкаруу боюнча көрүп жаткан чаралары талданат. Ошондой эле Улуттук банк банктардын жетекчилиги менен алардын ишмердүүлүгүнүн негизги маселелери боюнча өз ара аракеттенет.

Тышкы көзөмөл төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • үзгүлтүксүз берилген отчеттордун негизинде банктардын финансылык абалынын өзгөрүшүн баалоо жана милдеттүү экономикалык ченемдердин, анын ичинде капиталга карата талаптардын сакталышын көзөмөлдөө;
  • ички жана тышкы аудиттин жыйынтыктарын, буга чейинки инспектордук текшерүүлөрдү жана учурдагы маалыматтарды эске алуу менен банктардын тобокелдиктеринин өзгөрүшүнө байкоо жүргүзүү;
  • эрте эскертүү системаларын жана стресс-тестирлөөнү колдонуу аркылуу банктардын финансылык абалындагы терс өзгөрүүлөрдү мурдатан аныктоо. Стресс-тестирлөө банктын жагымсыз шарттарга туруштук берүү жөндөмүн баалоого мүмкүндүк берет;
  • айрым банктардын жана жалпы банк системасынын финансылык абалын талдоо, анын жыйынтыгы боюнча мындан аркы көзөмөл иш-чараларын аныктоо;
  • банктардын бизнес-пландарындагы жана стратегияларындагы өзгөрүүлөргө мониторинг жүргүзүү.

Жеринде инспектордук текшерүү - түздөн-түз банктын өзүндө жүргүзүлгөн текшерүү. Анын жүрүшүндө инспекторлор банктын иш жүзүндөгү финансылык абалын баалап, тобокелдиктерди аныкташат, КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышын текшеришет.

Мындан тышкары, банктын башкаруу сапаты, ички контролдоо жана тобокелдиктерди башкаруу системасынын натыйжалуулугу, ошондой эле кабыл алынган стратегияны эске алуу менен мындан аркы ишмердүүлүгүнүн келечеги бааланат.

Текшерүүлөр пландуу жана күтүүсүз болушу мүмкүн. Пландуу текшерүү жөнүндө банкка алдын ала кабар берилет, ал эми күтүүсүз текшерүүлөр эскертүүсүз жүргүзүлөт. Эгерде тышкы көзөмөлдүн жүрүшүндө банктын финансылык көрсөткүчтөрүнө же анын ишине олуттуу таасир этиши мүмкүн болгон айрым операцияларга байланыштуу суроолор жаралса, Улуттук банк тематикалык (максаттуу) текшерүүнү дайындай алат.

Тобокелдикке багытталган көзөмөл

Банктар тарабынан мыйзамдарда белгиленген талаптардын сакталышын текшерүүгө негизги көңүл бурулган салттуу көзөмөлдөн айырмаланып, тобокелдикке багытталган көзөмөл (мындан ары — ТБК) ар бир банктын ишине мүнөздүү тобокелдиктерди аныктоого, баалоого жана алдын алууга, ошондой эле аларды башкаруунун натыйжалуулугун баалоого басым жасайт. Мындай ыкманын негизги өзгөчөлүгү - Улуттук банк банктын учурдагы абалын жана белгиленген талаптарды аткарышын гана эмес, келечекте анын финансылык туруктуулугуна таасир этиши мүмкүн болгон потенциалдуу тобокелдиктерди да баалайт.

Бул үчүн инспекторлор банктын ишмердүүлүгүнө сандык жана сапаттык комплекстүү талдоо жүргүзүп, тобокелдиктерди башкаруу системасынын натыйжалуулугун баалашат жана кесиптик ой жүгүртүүнү колдонушат. Баалоодо банктын ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрү, бизнес-модели (ишти уюштуруу жана киреше алуу ыкмалары), тобокелдиктердин профили (банкка мүнөздүү тобокелдиктердин жыйындысы), ошондой эле системалык мааниси - конкреттүү бир банктын ишиндеги көйгөйлөр жалпы банк системасына канчалык деңгээлде таасир этиши мүмкүн экени эске алынат.

ТБКнын негизги артыкчылыктары

Тобокелдикке багытталган көзөмөлдүн алкагында көзөмөл иш-чараларынын интенсивдүүлүгү жана жыштыгы - банктын системалык маанисине, анын же банктык топтун ишмердүүлүгүнүн татаалдыгына, ошондой эле кабыл алган тобокелдиктеринин деңгээлине жана мүнөзүнө жараша аныкталат. Тобокелдик деңгээли жогору болгон багыттарда көзөмөл күчөтүлөт, ал эми тобокелдиги төмөн багыттарда көзөмөл анчалык интенсивдүү болбошу мүмкүн. Мындай ыкма Улуттук банкка көзөмөл жүргүзүү ресурстарын натыйжалуу бөлүштүрүүгө жана банктардын ишиндеги эң алсыз багыттарга көңүл бурууга мүмкүндүк берет.

Мында банктын ишмердүүлүгүндөгү негизги тобокелдиктердин бар-жогу жана деңгээли гана эмес, анын жетекчилигинин бул тобокелдиктерди өз убагында аныктоо, көзөмөлдөө жана азайтуу жөндөмү да бааланат. Банктын тобокелдиктер профилин баалоодо кредиттик тобокелдик, ликвиддүүлүк тобокелдиги, валюталык жана операциялык тобокелдиктер, ошондой эле кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү тобокелдиктер талданат.

Мындан тышкары, банктын ишмердүүлүгүнүн негизги компоненттери, анын ичинде капиталдын жетиштүүлүгү, кирешелүүлүгү жана башкаруунун сапаты (менеджмент), тобокелдиктерди башкаруу системасынын натыйжалуулугу, башкаруу органдарынын жана комитеттердин иши, зарыл ички ченемдик документтердин болушу, ошондой эле пайда болгон тобокелдиктерди өз убагында алдын алуу жана көзөмөлдөө жөндөмү бааланат.

Көзөмөл чаралары жана таасир этүү инструменттери

Банктык көзөмөлдүн негизги милдети буга чейин орун алган мыйзам бузууларды аныктоо гана эмес, биринчи кезекте мүмкүн болуучу көйгөйлөрдү алдын алуу, тобокелдиктерди алгачкы баскычында аныктоо жана аларды азайтуу боюнча чараларды көрүү. Мындай ыкма терс өзгөрүүлөргө өз убагында чара көрүүгө, банктардын финансылык абалынын олуттуу начарлашына жол бербөөгө жана жалпы банк системасынын туруктуулугун сактоого мүмкүндүк берет.

Көзөмөл чараларынын бири - Улуттук банк тарабынан колдонулуучу таасир этүү чаралары. Алар банктарды аныкталган кемчиликтерди өз убагында жоюуга, ишмердүүлүгүн оңдоого жана тобокелдиктерди азайтуу үчүн зарыл чараларды көрүүгө түрткү берүү максатында колдонулат. Конкреттүү чараны тандоо аныкталган мыйзам бузуулардын мүнөзүнө жана олуттуулугуна, тобокелдиктердин деңгээлине жана банктын финансылык абалына жараша болот. Улуттук банк бир нече чараны бир убакта колдонуу мүмкүнчүлүгүн кошо алганда, таасир этүү чараларынын максатка ылайыктуулугун, түрүн жана колдонуу тартибин өз алдынча аныктайт.

Улуттук банк башка мамлекеттик органдар, анын ичинде финансылык чалгындоо органы, укук коргоо органдары жана КРнын Министрлер Кабинети менен да өз ара аракеттенет. Мындай кызматташтык финансылык туруктуулукту камсыз кылуу, кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелерин комплекстүү чечүү үчүн зарыл болуп саналат.

Тобокелдикке багытталган көзөмөл биринчи кезекте тобокелдиктерди өз убагында аныктоого, баалоого жана алдын алууга, ошондой эле аларды азайтуу боюнча чараларды көрүүгө багытталган. Ал көзөмөлдүн назарын банктардын ишиндеги эң алсыз багыттарга бурууга, көзөмөл иш-чараларынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана мүмкүн болуучу көйгөйлөргө эртерээк чара көрүүгө шарт түзөт. Анын натыйжасында банк секторунун туруктуулугу бекемделип, аманатчылардын, кредиторлордун жана банктардын башка кардарларынын кызыкчылыктары корголот.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Банктар

Акыркы жаңылыктар

Баары

Сузактын Октябрь айылында жаңы кинотеатр жана эс алуу багы ачылды

Акыйкатчы Жаманбаева Москвада эл аралык жыйынга катышты

Токмокто темир жол куруу үчүн инженердик изилдөөлөр жүргүзүлдү

Оштун калктуу конуштарын суу менен камсыздоо боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты

Бишкекте 13 жер тилкесинин ээлерине 40,7 млн сом компенсация берилди