Өзгөчө кырдаалдар учурунда медиа-штаб түзүү сунушталууда

Өзгөчө кырдаалдар учурунда медиа-штаб түзүү сунушталууда

Өзгөчө кырдаалдар учурунда калкты так маалымат менен камсыз кылуу үчүн оперативдик медиа-штаб түзүү сунушталууда. Өкмөттүн токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Маданият министрлиги демилгелеген долбоордо өзгөчө кырдаалдар учурунда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин басма сөз кызматтарынын ишин координациялоо каралган. Оперативдик медиа-штаб элге мамлекеттик органдардын макулдашылган расмий билдирүүлөрүн ыкчам берүүгө милдеттенет.

Ошондой эле анын функциясына жалган маалыматтарды тактоо, соцтармактарга тараган сүрөт, видеолордун чын-бышыгын текшерип туруу, ушак-айыңдарды аныктоо, ЖМКлар менен өз ара иштешүү, үзгүлтүксүз брифингдерди, маалымат жыйындарын өткөрүү, билдирүүлөрдү кыргыз, орус жана керектүү учурларда башка тилдерде жеткирүү кирет.

Оперативдик медиа-штабды чакыруу жана анын ишин аяктоо чечимин Маданият министрлиги президенттин администрациясынын Маалыматтык саясат кызматы менен макулдашуунун аркасында кабыл алат. Маданият министрлиги медиа-штабдын жайгашкан жерин, иштөө режимин аныктайт жана анын техникалык жаткан камсыздайт.

Опретивдик медиа-штабдын жетекчисин Маданият министрлиги президенттин администрациясынын Маалыматтык саясат кызматы менен макулдашуунун негизинде дайындайт.

Штабдын курамына Маданият жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, президенттин Маалыматтык саясат кызматынын, жаралган өзгөчө кырдаалды жоюууга тартылган мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтарынын өкүлдөрү, зарыл учурда котормочулар, атайын адисттер, эксперттер киргизилет.

Маданият министрлиги өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда калкка маалымат жеткирүү боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 2015-жылы чыккан нускама эскирген деп эсептейт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Сузактагы кыш завод абаны булгаганы үчүн айыпка жыгылды

Чапаев – Кегети – Арпа-Тектир жолундагы сапатсыз асфальт кайра төшөлүүдө

Испанияда 22 өлкөнүн кесиптик бирлик уюмдарынын өкүлдөрү чогулушту

Пенопласттан образ жараткан ишкер айым: сүйүктүү ишиңди тапсаң, чарчоо да жагымдуу

ТИМ башчысынын орун басары Абакиров Европа Биримдиги менен Экинчи министрлер жолугушуусуна катышты