Күйүүчү-майлоочу майлардын запасы жетиштүү — Экономика министрлиги

Күйүүчү-майлоочу майлардын запасы жетиштүү — Экономика министрлиги

Кыргызстандын күйүүчү-майлоочу майлар рыногунда баалардын абалы туруктуу. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 2024-жылдын 8-январына карата республика боюнча АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы литрине 63.03 сомду, дизель майы 70.9 сомду түзгөн.

"Азыркы учурда республикада КММ запастары жетиштүү санда бар, бул өз кезегинде рыноктогу бааларды турукташтырууга оң таасирин тийгизет", —деп белгиледи министрлик.

Жарыяланган маалыматтарга караганда, Кыргызстанда мунай продуктыларына болгон жылдык керектөө болжол менен 1.4 млн тоннаны түзөт. Бензинди орточо суткалык керектөөсү 1781 тоннаны, ал эми дизель майынкы 1507 тоннаны түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан экономикасын жыл сайын кеминде 8%га өстүрүүнү максат кылууда

Кыргызстан экономикасын жыл сайын кеминде 8%га өстүрүүнү максат кылууда

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Евразия өнүктүрүү банкынын "Евразия 2030+: инвестициялар, өсүш жана жаңы мүмкүнчүлүктөр" аттуу пленардык жыйында сөз сүйлөдү. Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара Евразия өнүктүрүү банкынын 20 жылдыгына арналып, Алматыта өткөн банктын жылдык жыйынынын уландысы болду. Бакыт Сыдыков Кыргызстан "Евразия 2030+

Бишкектин айрым жерлеринде газ өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде газ өчүрүлөт

Бишкек шаарынын айрым жерлеринде 29-июндан 2-июлга чейин жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Бишкекгаз" кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, газ берүү төмөнкү даректерде өчүрүлөт: Кызыл-Аскер району: Сары-Челек, Ала-Арча, Кыргыз, Логвиненко, Курманалиев, Жашыл, Жаңы, Колхоз жана Заводской көчөлөрү, ошондой эле айланма жолдун тегерегиндеги аймактар;

Чаткалдын Курулуш айылына 21 млн сомго маданият үйү курулуп баштады

Чаткалдын Курулуш айылына 21 млн сомго маданият үйү курулуп баштады

26-июнда Чаткал районунун Курулуш айылында жаңы маданият үйүнүн курулушуна мезгил кутучасын салуу аземи болуп өттү. Иш-чарага район акими Алтынбек Сеңирбаев катышып, бул долбоор аймактын социалдык жана маданий өнүгүүсү үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Бул тууралуу аталган райондун админстрациясынан маалымдашты. Маалыматка ылайык, жаңы маданият үйүнүн курулушу мамлекеттин аймактарды

Кытайлык ишкерлер Кыргызстанда ири долбоорлорду ишке ашырууну көздөйт

Кытайлык ишкерлер Кыргызстанда ири долбоорлорду ишке ашырууну көздөйт

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна болгон жумуш сапарынын алкагында, онго жакын компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда “China National Petroleum Corporation”, “China Road and Bridge corporation”, “Xinjiang Sanbao Industrial Group Co., Ltd.”, “China Datang