Кытайлык ишкерлер Кыргызстанда ири долбоорлорду ишке ашырууну көздөйт

Кытайлык ишкерлер Кыргызстанда ири долбоорлорду ишке ашырууну көздөйт

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна болгон жумуш сапарынын алкагында, онго жакын компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда “China National Petroleum Corporation”, “China Road and Bridge corporation”, “Xinjiang Sanbao Industrial Group Co., Ltd.”, “China Datang Overseas Investment Co., Ltd.” Хоргос эл аралык соода компаниясы, “Xinjiang Commercial Logistics (Group) Co., Ltd”, “Xinjiang Daheng Biotechnology Co., Ltd.” жана “Алтын-Жол” соода-логистикалык эл аралык компанияларынан турган бизнес өкүлдөрү өздөрүнүн тармактары боюнча Кыргызстан менен иш алып баруу ниеттерин билдиришип инвестициялык сунуштарын айтып беришти. 

Анда тараптар негизинен күйүүчү-майлоочу май маселелери, жол куруу, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү, энергетика, тоо-кен, эки тараптуу соода жүгүртүү жана логистика тармактарында кызматташууну илгерилетүү максатында биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Эки өлкөнүн экономикасына салым кошкон ишкерлердин арасында буга чейин Кыргызстанда ири долбоорлорду ишке ашыргандары да болду, Кыргызстанда жалпы ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөндүгүнө байланыштуу жаңы долбоорлорду киргизүүгө даяр экендиктерин билдиришти. 

Анда Эрлист Акунбеков Кыргызстанда чет өлкөлүк капиталды коргоонун жана сактоонун мамлекеттик гарантияларын камсыз кылуу жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик чаралар ишке ашырылганын белгилеп, жолугушууларга катышкан Кыргызстандын мамлекеттик органдарына жана мекемелерине тиешелүү иштерди ыкчам жана дыкат алып барууну тапшырды. 

Белгилей кетсек, бул жумушчу жолугушуулар болду. Каралган маселелердин жыйынтыгы жакында боло турган Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында жана Кыргызстанда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинин алкагында эки тараптуу документтерге кол коюуга жетишүү белгиленди. 

Ошондой эле, иш сапардын алкагында МинКаб төрагасынын орун басары Кытай мамлекети менен ишкерлик кылган Кыргызстандын бизнес өкүлдөрүн кабыл алды. Мында ишкерлер транзит, экспорт, кайра иштетүү сыяктуу өздөрүнүн маселелерине түз жооп ала алышты. Ишкерлер экономиканын өзөгү экенин айткан Эрлист Акунбеков, мамлекет ички жана сырткы инвесторлорду дайым колдоого даярдыгын, ал эми ата мекендик ишкерлерди колдоо боюнча мамлекеттик программалар иштеп жатканын жана гранттык, субсидия багыттарында дагы жаңы документтер кабыл алынаарын билдирди.




 

Мындан тышкары окуңуз

Казарманда 110 млн сомго автобекет куруу пландалууда

Казарманда 110 млн сомго автобекет куруу пландалууда

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 26-октябрда Тогуз-Торо районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Маалым болгондой, Тогуз-Торо районунда 2021–2026-жылдар аралыгында 43,4 чакырым автомобиль жолуна асфальт төшөлдү. Мындан тышкары, райондо транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоорлор каралууда. Атап айтканда, Казарман айылында болжолдуу

Ишкер Media
Кочкордо жаңы автобекет курулууда

Кочкордо жаңы автобекет курулууда

Нарын облусунун Кочкор районунда аянты 14 469 чарчы метр болгон жаңы автобекет салынууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалым болгондой, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, тендердик баасы 395 млн сомду түзөт. Иштер 2025-жылдын январында башталган. Автобекет 2 кабаттуу, заманбап үлгүдө курулууда. Имаратта жүргүнчүлөр үчүн күтүү залы, административдик бөлмөлөр

Ишкер Media
Кыргызстандын экономикасында акча которуулардын үлүшү 20%дан төмөндөдү

Кыргызстандын экономикасында акча которуулардын үлүшү 20%дан төмөндөдү

Кыргызстанга чет өлкөдөн келип түшкөн акча которуулардын ички дүң продукцияга (ИДП) карата үлүшү мурдагы 30%дан 20%га жетпеген деңгээлге төмөндөдү. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда, Улуттук банктын басма сөз жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан мурда акча которуулардын экономикадагы үлүшү эң жогору болгон

Ишкер Media
Сокулукта мыйзамсыз курулуп жаткан цехке айып салынды

Сокулукта мыйзамсыз курулуп жаткан цехке айып салынды

Мамлекеттик курулуш көзөмөл департаментинин Чүй башкармалыгы Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында мыйзамсыз курулушту аныктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалымдалгандай, текшерүүдө желдеткич соргучтарды жасоочу өндүрүштүк цех катары пайдалануу үчүн кампа долбоордук жана уруксат берүүчү документтерсиз курулуп жатканы белгилүү болгон. Жыйынтыгында жооптуу "ЭкстраВент" ЖЧКсына акт түзүлүп, мыйзам бузууларды жоюу

Ишкер Media