Быйыл өлкөдө 1430 км жолго асфальт төшөлүп, план ашыгы менен аткарылды
Үстүбүздөгү жылдын 20-ноябрына карата 1430 км жолго асфальт төшөлдү. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан быйылкы жылга коюлган план ашыгы менен аткарылып, азыркы тапта да аба ырайынын шарттарына жараша жол куруу иштери уланууда.
Министрликтин маалыматына ылайык, өлкө жетекчилигинин колдоосу менен стратегиялык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдорду, эл аралык коридорлорду оңдоого өзгөчө көңүл бөлүнүп, алардын дээрлик 80% мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып жатат.
Алсак, 2021-жылы өлкө аймагында 175, 2022-жылы 488, ал эми 2023-жылы 673 чакырым жолго асфальт төшөлгөн болсо, былтыр бул көрсөткүч 802 километрди түзгөн. Ал эми быйыл Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жол салуу жаатында рекорддук көрсөткүчкө жетип, бул сан жыл аягына чейин дагы да жаңыланары күтүлүүдө.