"Газпром" Борбор Азияга газ жеткирүүнү 2030-жылга чейин эки эсе көбөйтөт

"Газпром" Борбор Азияга газ жеткирүүнү 2030-жылга чейин эки эсе көбөйтөт

Алдыдагы беш жыл ичинде "Газпромдун" Борбор Азия өлкөлөрүнө газ жеткирүүсү эки эседен ашык көбөйөт. Компания буга чейин Европа рыногуна багытталган көлөмдөрдү кайсы тарапка багыттоо керектигин издеп жатканын "Ведомости" басылмасы "Газпромбанктын" экономикалык божомолдоо борборунун маалыматына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, газ жеткирүүнүн көлөмү 19–20 миллиард метр кубга жетет деп божомолдонууда.

Такталгандай, 2030-жылга чейин "Газпромдун" Өзбекстанга, Казакстанга жана Кыргызстанга болгон экспорту 2,1–2,2 эсеге чейин өсүшү мүмкүн. Негизги өсүштү Өзбекстан камсыз кылат деп күтүлүүдө: бул өлкөдө газдын импорту 3 миллиард метр кубдан 12 миллиард метр кубга чейин көбөйөт. Анткени өлкөдө газ өндүрүшү азайып жатат.

Казакстанга газ жеткирүү маселеси кандай өнүгө турганы азырынча белгисиз. Кытай тараптан күмөн саноолор болгонуна карабастан, Астана Россиядан Кытайга Казакстан аркылуу өтө турган газ кууру долбоору ишке ашат деп үмүттөнүүдө. Бул долбоор өлкөнүн түндүк-чыгыш аймактарын газдаштырууга мүмкүндүк берип, жаңы газ кууру жылына кошумча 10 миллиард метр куб газды камсыз кылат деп пландалууда.

Эске салсак, санкциялар жана кайталанма санкциялардан улам "Газпром" Европага экспортту болжол менен беш эсеге кыскарткан. Ошол эле учурда, компания "Сибирь күчү — 2" газ кууру ишке кирсе да бардык көлөмдөрдү Кытайга толук багыттай албайт.

Мындан тышкары окуңуз

Быйыл Кыргызстанда айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү 75 ишкана ачылат

Быйыл Кыргызстанда айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү 75 ишкана ачылат

2026-жылы Кыргызстанда айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча 75 ишкананы ишке киргизүү пландалып жатканын Жогорку Кеңеш жыйынында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди. Анын айтымында, ишканалардын тизмеси ар бир региондун өзгөчөлүктөрү жана чийки зат базасынын жетиштүүлүгү эске алынуу менен түзүлгөн. Мындан тышкары, 2030-жылга

Бакыт Төрөбаев: Быйыл суу сактагычтардагы суу 35%га аз

Бакыт Төрөбаев: Быйыл суу сактагычтардагы суу 35%га аз

2026-жылдагы бюджетте ирригациялык объектилерди оңдоого 12,3 млрд сом каралганын Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында МинКаб төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди. Анын айтымында, 776 чакырым каналдарды оңдоп-түзөө жана

Жазгы талаа иштерине 40 миң тонна дизель, 9,7 миң тонна бензин сарпталат

Жазгы талаа иштерине 40 миң тонна дизель, 9,7 миң тонна бензин сарпталат

Жазгы талаа иштерин жүргүзүү үчүн күйүүчү-майлоочу майлар жетиштүү болорун Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди. Анын айтымында, 2026-жылы 40 миң тонна дизель майы жана 9,7 миң

Улуттук банк февраль айында 110 млн доллар сатты

Улуттук банк февраль айында 110 млн доллар сатты

Улуттук банк февралда жыл ичиндеги экинчи интервенцияны жасап, валюта базарына 109 млн 950 миң доллар сатты. Өлкөнүн негизги банкы акыркы жолу 19-январда 134 млн 50 миң доллар саткан. Улуттук банк 2025-жылы сегиз интервенция менен чыгып, валюта базарына жалпысынан 853 млн доллар саткан. Улуттук банк өлкөдөгү доллардын курсун бир калыпта кармоо