Бир жыл ичинде 20 миң жеңилдетилген "Тулпар" картасы берилди

Бир жыл ичинде 20 миң жеңилдетилген "Тулпар" картасы берилди

2025-жылы Бишкек шаарында коомдук транспорттун колдонуучулары 34 миң 560 окуучу үчүн "Тулпар" картасын, 20,6 миң пенсионерлер жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жеңилдетилген карталарды, ошондой эле 90,5 миң стандарттык картаны сатып алышканын бүгүн "Тулпар" долбоорунун операциялык ишмердүүлүк боюнча директору Бекжан Акматбеков билдирди.

Анын айтымында, учурда автобустарда жалпы 1 миң 445 валидатор орнотулган.

"Бир жылдын ичинде 322 жаңы валидатор орнотулду. Биз жаңы үлгүдөгү 120 аппаратты алып келдик. Мындай типтеги валидаторлор мурда колдонулган эмес. Кийинки жылдан тарта бардык валидаторлорду этап-этабы менен жаңы моделдерге алмаштыра баштайбыз", — деди Бекжан Акматбеков.
Ал Бишкек шаарында коомдук транспортто жол кирени төлөөнүн эки ыкмасы үчүн шарттар түзүлгөнүн эске салды.

"Дифференцияланган тариф иштейт: накталай төлөм — 20 сом, накталай эмес төлөм — 17 сом. Накталай акчаны кабыл алууга тыюу салынган эмес. Эл бул ыкма менен төлөөнү улантып келет, бирок кайсы көлөмдө экендиги тууралуу биздин компанияда так маалымат жок. Жарандардын толугу менен накталай эмес төлөмгө өтүшү үчүн тарифтик саясатты кайра карап чыгуу зарыл. Баалардын айырмасы үч сомдон жогору болушу керек. Бирок тарифтерди белгилөө шаар мэриясы менен шаардык кеңештин компетенциясына кирет", — деп кошумчалады Бекжан Акматбеков

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкек шаарында 14-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, өчүрүү турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо уюмдарына, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине таасирин тийгизет. Суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

"Жашыл мурас" улуттук долбоорунун алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2026-жылы өлкө аймагын жашылдандыруу боюнча кеңири иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликтин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы республика боюнча 70 миңден ашык көчөт отургузуу пландалууда, анын 70%га жакыны мөмөлүү дарактар болот. Мындан тышкары, ар бир облуста аянты 1

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Кыргызстанда бүгүнкү күндө калдыктардын 24 товардык тобунун ичинен 16сы боюнча кайра иштетүү жолго коюлган, ал эми калган багыттар боюнча кайра иштетүүчү ишканалар жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" МИсинин директору Асель Мамбетова радионун эфиринде билдирди. Анын айтымында, ишкана министрликтин өкүлдөрү, калдыктарды

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

Жолдо кетирилген бир секунддук ката кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Каршы тилкеге чыгуу өтө кооптуу, анткени каршы келе жаткан унаа менен кагылышуу коркунучу бар экендигин Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул эрежени бузгандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 15 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган. Айып