А.Касымалиев Айыл чарба министрлигине 44 кызматтык унаа тапшырды

А.Касымалиев Айыл чарба министрлигине 44 кызматтык унаа тапшырды

МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Айыл чарба министрлигине 44 кызматтык автоунаа тапшырды. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, автотранспорт каражаттарынын жалпы баасы 92,6 миллион сомду түзгөн. Унаалар мамлекеттик каражаттардын эсебинен сатып алынып, министрликтин алдындагы Суу ресурстары кызматына жана Балык чарба департаментине өткөрүлүп берилди.

Салтанаттуу иш-чарада Адылбек Касымалиев агрардык тармак экономиканын реалдуу секторунда өзгөчө мааниге ээ болуп, анын негизги кыймылдаткыч күчү экенин белгиледи. Анын айтымында, айыл чарбасы өнөр жайдын жана кайра иштетүү тармагынын өнүгүшүн камсыздайт.

"Кыргызстанда сезондук жана жыл бою иштеген кайра иштетүүчү ишканалардын саны 425ке жетти. Президенттин тапшырмасынын негизинде жыл сайын жүздөгөн ишканалар ачылууда. Бул жылы 119 өндүрүш ишканасы ишке киргизилди, алардын жарымынан көбү айыл чарба жана кайра иштетүү тармактарына тиешелүү", — деп белгиледи министрлер кабинетинин төрагасы.

Ошондой эле ал ирригация тармагын модернизациялоого өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтты. Эгерде 2024-жылы бул максаттарга 1 миллиард сом бөлүнсө, 2025-жылдын 11 айында каржылоо көлөмү 1,7 миллиард сомго жеткен. Учурда каналдарды тазалоо, куруу, бетон менен каптоо жана бекемдөө, ошондой эле суткалык жана декадалык жөнгө салуучу бассейндерди куруу иштери жүргүзүлүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы  14,6 млн долларга сатылды

Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы 14,6 млн долларга сатылды

Дэвид Гилмор 1970–1983-жылдары Pink Floyd тобунун бардык альбомдорун жаздырууда колдонгон электрогитара 14,6 млн долларга рекорддук суммага сатылганын BBC агенттиги Christie's аукцион үйүнө шилтеме берип билдирди. "Black Stratocaster" (Кара Stratocaster) деп белгилүү болгон гитара дүйнөдө аукцион аркылуу сатылган эң кымбат гитара болуп калды. Аны ким

Министр Э.Ахунбеков суткасына 2800 литр сүт өндүргөн фермага барды

Министр Э.Ахунбеков суткасына 2800 литр сүт өндүргөн фермага барды

Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан “Дана Агро” асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Иш сапардын алкагында министр чарбанын өндүрүш процесси, малдын асыл тукум курамы жана сүт өндүрүү көрсөткүчтөрү менен жеринен таанышты.

Чүйдө швед технологиясы менен иштеген сүт ферма ишке кирет

Чүйдө швед технологиясы менен иштеген сүт ферма ишке кирет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунда жайгашкан "Таштан" асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, ферманын жаңы технологиялары жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алды. Маалым болгондой, жеке ишкер Вахабжан Юсуповго таандык "Таштан" дыйкан-фермерлик чарбасы 2018-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө

Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Бүгүн Кыргызстанда Аталар күнү белгиленип жатат. Бул майрамдык дата КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 26-июнунда кабыл алынган. Ага ылайык, мыйзам боюнча жыл сайын Аталар күнү 15-мартта жана Энелер күнү май айынын үчүнчү жекшембиси белгиленүүдө. Аталардын урматына бүгүн өлкө башчы Садыр Жапаров куттуктоо сөздөрүн жарыялады. Өз сөзүндө президент илгертеден бери кыргыз