Жаңы жылда аймактарга каттаган автобустар үзгүлтүксүз иштейт
Жаңы жыл майрамында жана эс алуу күндөрү жүргүнчүлөрдүн саны көбөйгөндүктөн, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти шаарлар жана облустар аралык автобустарды үзгүлтүксүз каттоосун камсыз кылат.
Министрликтин маалыматына ылайык, 22-декабрдан тарта Бишкек автобекетинен Ысык-Көл, Нарын жана Талас багыттарына 364 пландуу каттам уюштурулган, 101 автобус кошумча рейстер үчүн резервде турат. Мындай резерв 2026-жылдын 8-12-январы аралыгында да колдонулат.
Автобустардын саны жетиштүү, билеттер тынымсыз сатылып, жол кире негизсиз көтөрүлбөшү көзөмөлдөнүп жатат. Аймактык башкармалыктар автобекеттерде нөөмөт уюштуруп, ташууну көзөмөлдөйт, – деп айтылат маалыматта.