Такси айдоочулары 1-февралга чейин лицензия алышы керек

Такси айдоочулары 1-февралга чейин лицензия алышы керек

Милициянын патрулдук кызмат башкармалыгы (МПКБ) такси айдоочуларына 2026-жылдын 1-февралына чейин белгиленген процедураны өтүп, таксомотордук ишти жүргүзүү үчүн бардык керектүү документтерди топтоо боюнча кайрылды.

1-февралдан баштап, МПКБ кызматкерлери тиешелүү лицензиясы жок жүргүнчү ташыган айдоочуларды аныктоо үчүн профилактикалык рейддерди жүргүзө башташат. Эреже бузган айдоочуларга мыйзам боюнча чаралар көрүлөт.

МПКБ бардык такси айдоочулары алдын ала лицензия алуу жана өз ишмердүүлүгүн мыйзам талаптарына ылайыкташтыруу керек экенин белгиледи. Ведомствонун билдирүүсүндө белгиленген талаптарды сактоо, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана жолдордо тартипти орнотуунун маанилүү шарты болуп эсептелет.

Айдоочулар документтерди 1-февралга чейин даярдап, бардык талаптарды аткарып, ишмердүүлүгүн мыйзамдаштырышы керек.

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Арча" резиденциясынан 10 гектар жерди мектеп, бала бакча жана медициналык борбор үчүн бөлүндү

Ала-Арча" резиденциясынан 10 гектар жерди мектеп, бала бакча жана медициналык борбор үчүн бөлүндү

2026-жылдын 19-мартында Жогорку Кеңеш президенттин ишмердүүлүгүнө кепилдиктер жана экс-президенттин макамы тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Мыйзам долбоору “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынын аймагындагы жерлерди бөлүүгө карата учурдагы тыюуну алып салууну карайт — бул жерлер мамлекеттин социалдык муктаждыктары үчүн керек болгондо колдонулат. Мыйзам долбооруна тиркелген түшүндүрмөдө айтылгандай, демилге

Кудайбергендеги бузулган 600 гараждын ордуна мектеп курулуп жатат

Кудайбергендеги бузулган 600 гараждын ордуна мектеп курулуп жатат

Садыгалиев жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде эки кабаттуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатканын Курулуш министрлиги билдирди. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылып жатат. Имарат 5 блоктон турат. Жалпы аянты 3680 чарчы метрди түзөт. Мектепте окуу класстары, устаканалар, компьютердик класс, актовый зал, ашкана жана спорт залы каралган. Мындан тышкары, аймакта футбол жана

Альпинист Наталья Наговицинаны издөө операциясына 2 млн доллар керек

Альпинист Наталья Наговицинаны издөө операциясына 2 млн доллар керек

Жеңиш чокусунда калып калган альпинист тууралуу издөө иштерин Россиянын альпинизм федерациясы 2 миллион доллардан жогору баалады. Кыргызстандын тоолорунда жоголгон альпинист Наталья Наговицинаны издөө операциясы 2 млн доллардан ашык каражатты талап кылганын федерациянын вице-президенти Александр Пятницин билдирди. Эске салсак, Наталья Наговицина Жеңиш чокусуна чыккан соң, деңиз деңгээлинен болжол менен 7,2

Айымдар үчүн акысыз IT окутуу программасы: талаптары жана шарттары кандай?

Айымдар үчүн акысыз IT окутуу программасы: талаптары жана шарттары кандай?

Заман талабына жараша акыркы жылдарда Кыргызстанда IT тармагына кызыккан кыз-келиндер көбөйө баштады. Бирок, ар кандай себептер менен баарынын эле бул тармак жаатында билим алууга шарты жок. Муну эске алуу менен Жасалма интеллект академиясы (AI academy) ушуну менен үчүнчү жолу IT тармагына кызыккан кыз-келиндер үчүн “Programmer Ayimdar” долбоорунун алкагында гранттык окуу