Tesla дүйнөлүк электромобилдерди сатуу лидерлигин кытайлык BYD компаниясына алдырды
Tesla электромобилдерди сатууда дүйнөлүк лидерликти кытайлык BYD компаниясына өткөрүп берди. Америкалык электромобилдерди өндүрүүчү 2025-жылы 1,655 миллион унаа чыгарган, бул өткөн жылга карата 6,7%га аз, ал эми сатылган унааларынын саны 1,636 миллионду түзүп, 8,6%га кем болгон. Бул маалыматтар компаниянын отчетунда көрсөтүлгөн.
Кытайлык BYD компаниясы болсо өткөн жылы 2,26 миллион унаа сатып дүйнөдөгү эң ири электромобилдерди өндүрүүчү болуп калды.
Белгилүү болгондой, Tesla өткөн жылы 1,601 миллион Model 3 жана Y үлгүсүндөгү электромобилдерди, ошондой эле 53 900 даана башка үлгүдөгү унаа чыгарган.
Tesla компаниясы 2025-жылдын IV кварталынынын жыйынтыгы менен 434 358 электромобиль чыгарган. Бул өткөн жылга карата 5,8%га төмөн.