Ош шаарында 4 көчө асфальтталып, пайдаланууга берилди

Ош шаарында 4 көчө асфальтталып, пайдаланууга берилди

Ош шаарындагы Төлөйкөн айыл аймактык башкармалыгында Карымов, Тешебаев, Аматбеков жана Туташов көчөлөрү асфальтталып, пайдаланууга берилгенин шаардык мэрия билдирди.  

Аталган көчөлөрдө унаа кыймылына бир топ ыңгайсыздыктар болуп келген. Шаар башчысы Жеңишбек Токторбаев рейддик кыдырууда маселени жеринен көрүп, дароо тапшырмаларды берген.

Бүгүн аталган жол көйгөйүнө чекит коюлуп, шаар жетекчиси көчөлөрдү расмий түрдө ачып, унаа кыймылына старт берди. Аймактын жашоочулары жолдордун жаңыланып, кеңейтилип оңдолушун кубануу менен кабыл алышты. Бул маселени чечүүгө шаардык кеңештин депутаттары да өз салымдарын кошкон.

Жалпы жолдун узундугу 1200 метрди түзөт, жөө жүргүнчүлөр үчүн 2400метр болгон өзүнчө эки тараптуу тротуарлар каралган.

Жол мурдагы калыбынан 10-12 метрге чейин кеңейтилген жана ирригациялык арык казылган.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто рейд учурунда 270 миң сомдук мыйзамсыз дары-дармек аныкталды

Ошто рейд учурунда 270 миң сомдук мыйзамсыз дары-дармек аныкталды

Мамлекеттик салык кызматы рейддик салыктык көзөмөл жүргүзүү учурунда Ош шаарындагы дарыканалардын биринен мыйзамсыз дары-дармектерди аныктады. Текшерүүнүн жүрүшүндө "Аптека Кейджи" ЖЧКсына таандык дарыканадан Саламаттык сактоо министрлигинин Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинде каттоодон өтпөгөн, ошондой эле өлкө аймагына мыйзамсыз жол менен киргизилген дары-дармектер табылган. Аныкталган мыйзамсыз дары-дармектердин жалпы суммасы

Кыргызстан рыногунда 100гө жакын үстөмдүк кылуучу компания бар

Кыргызстан рыногунда 100гө жакын үстөмдүк кылуучу компания бар

Депутат Эльвира Сурабалдиева 2026-жылдын 11-мартында Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында Кыргызстан рыногунда канча монополист компания бар экенин сурады. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси Айбек Мамыралиев өлкөдө болжол менен 100гө жакын үстөмдүк кылган компания бар экенин билдирди. Айбек Мамыралиевдин айтымында, мындай компаниялар товарлардын баасын жогорулата башташса адегенде компанияга эскертүү берилет, андан

Кыргызстанда кооперативдерге колдоо көрсөтүү менен 2 миң гектар жер иштетилет

Кыргызстанда кооперативдерге колдоо көрсөтүү менен 2 миң гектар жер иштетилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкөдө айыл чарбасын модернизациялоо жана кооперацияны өнүктүрүү боюнча бир катар маанилүү кадамдарды ишке ашырууда. Кооперативдерди колдоо программасынын алкагында фермердик бирикмелерге заманбап айыл чарба техникалары берилип жатат. 2026–2027-жылдары кооперативдер аркылуу 2000 гектарга жакын айыл чарба аянты тейленип, 120дан ашык жаңы

YouTube 2025-жылы жарнамадан эле 40,4 млрд доллар киреше тапкан

YouTube 2025-жылы жарнамадан эле 40,4 млрд доллар киреше тапкан

YouTube өткөн жылы жарнамадан түшкөн киреше боюнча Голливуддун ири медиа-компанияларын артта калтырды. 2025-жылы платформа жарнамадан 40,4 млрд доллардан ашык киреше тапканын Moffett Nathanson компаниясынын маалыматына таянып TechCrunch жазган. Салыштыруу үчүн айтсак, Disney, NBCUniversal, Paramount жана Warner Bros. Discovery компанияларынын жарнамадан түшкөн жалпы кирешеси 37,8 млрд долларды түзгөн. Бул