Эми мопед айдоо үчүн А1 категориясындагы күбөлүк талап кылынабы?

Эми мопед айдоо үчүн А1 категориясындагы күбөлүк талап кылынабы?

Бүгүн Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинде "Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр" тууралуу долбоор каралды.

Документ КР президентинин жол кыймылынын коопсуздугун күчөтүү боюнча жарлыгын ишке ашыруу максатында даярдалган. Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовдун айтымында, өзгөртүүлөр мас абалында айдоо, адам өлүмүнө же оор кесепетке алып келген эреже бузуулар үчүн жазаны күчөтүүнү камтыйт.

Ошондой эле жабырлануучу менен жарашуу аркылуу кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылат, жазалардын өлчөмү кайра каралат жана пробация колдонулбайт.

Мындан тышкары, мопеддерди механикалык транспорт каражаттарына теңеп, аларды башкаруу үчүн "А1" категориясындагы айдоочулук күбөлүк милдеттүү кылуу сунушталууда.

Талкуудан кийин мыйзам долбоору I окууда колдоо тапты жана кийинки этапка өттү.

Мындан тышкары окуңуз

Жалал-Абадда 11,8 млн долларлык балык чарба комплекси курулууда

Жалал-Абадда 11,8 млн долларлык балык чарба комплекси курулууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Жалал-Абад облусундагы Салих и Ко ишканасына иш сапары менен барып, балык чарба долбоорунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Сапардын жүрүшүндө министрлик тарабынан балык чарбасын өнүктүрүү багытында ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрү белгиленди. Ишкананын базасында фермерлерди окутуу жана

Токмок шаарынын жаңы мэри дайындалды

Токмок шаарынын жаңы мэри дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кутпидин Абдырахманович Шакиров Чүй облусундагы Токмок шаарынын мэри болуп дайындалды. Чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жана "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамдын 47-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынган. Маалыматка ылайык, Кутпидин Шакиров 1977-жылдын 6-июнунда Баткен облусунун

Базар-Коргондо 200 тонна мөмө-жемиш сактоочу кампа пайдаланууга даяр

Базар-Коргондо 200 тонна мөмө-жемиш сактоочу кампа пайдаланууга даяр

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Аймактар менен өз ара аракеттенүү жана жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Нурдин Довлетов Базар-Коргон районуна караштуу Сайдыкум айыл аймагындагы мөмө-жемиш сактоочу кампасынын иши менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Кампа Айгыр-Жал участкасында муниципалдык менчиктеги жер тилкесине курулган. Логистикалык борбор 2024-жылы CASA-1000

Катар: Перс булуңундагы бардык энергия экспорттоочулар форс-мажор жарыялайт

Катар: Перс булуңундагы бардык энергия экспорттоочулар форс-мажор жарыялайт

Катардын энергетика министри Саад аль-Кааби Перс булуңундагы бардык энергия ташуучуларды экспорттоочу өлкөлөр жакынкы күндөрү форс-мажор жарыялашы мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, мындай кырдаалда нефть баасы баррелине 150 долларга чейин көтөрүлүшү ыктымал. Министрдин сөзүнө караганда, Жакынкы Чыгыштагы согуш дароо токтогон күндө да Катарга суюлтулган жаратылыш газын жеткирүүнү калыбына келтирүү үчүн бир