Эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр качанкыга чейин жарактуу болот?

Эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр качанкыга чейин жарактуу болот?

Президент администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу маселеси боюнча түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, эски айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштырууга бир айлык мөөнөт белгиленген. Бирок бардык жарандар белгиленген убакытта үлгүрбөй калса, аларга кошумча убакыт берилет.

Дайырбек Орунбеков белгилегендей, алмаштыруунун зарылдыгы бир нече себептер менен түшүндүрүлөт. Биринчиден, эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү жасалма чыгаруу фактылары катталган жана андай аракеттер бүгүнкү күндө да өлкөдө, чет өлкөлөрдө катталып келет. Көптөгөн документтердин сүрөттөрү жана жазуулары өчүп кеткен.

Экинчиден, мындай айдоочулук күбөлүктөрдү айрым чет өлкөлөр тааныбайт. Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр бир нече мамлекеттерде таанылат. Алар толугу менен санариптештирилгендиктен жасалма чыгаруу мүмкүнчүлүгү толугу менен жокко чыгат.

Алмаштыруу процесси толук аяктагандан кийин, эски үлгүдөгү бардык айдоочулук күбөлүктөр жараксыз деп табылат.

Айдоочулук күбөлүктөрү "Түндүк" тутумунда көрүнбөгөн жарандар тиешелүү мамлекеттик органдарга жеке өзү кайрылуусу керек. Ал эми маалыматы система аркылуу бар жарандарга айдоочулук күбөлүктү онлайн форматта алмаштыруу мүмкүнчүлүгү берилген.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда 2027-жылы күйүүчү-майлоочу май баасы Кыргызстандыкына теңелеби?

Казакстанда 2027-жылы күйүүчү-майлоочу май баасы Кыргызстандыкына теңелеби?

Казакстандык экономисттер Рахимбек Абдрахманов жана Алмас Чукин жакынкы келечекте бензин жана башка күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы кандай өзгөрүшү мүмкүн экендиги боюнча божомолдорун айтышканын Digital Business басылмасы билдирди. Талкууга 2027-жылдын 1-январынан тартып ЕАЭБ алкагында күйүүчү май рыногун интеграциялоо пландалып жатканы себеп болгон. Абдрахмановдун айтымында, казакстандыктар күйүүчү майдын баасы олуттуу өсүшүнө даяр болушу

Өзбекстанда бензиндин баасы бир күндө 7,4%га өстү

Өзбекстанда бензиндин баасы бир күндө 7,4%га өстү

Өзбекстандын чийки зат рыногунда сунуштун азайышы жана тышкы факторлордун таасири менен АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы бир күндө кескин кымбаттаганын Uz24 басылмасы кабарлады. Өзбекстандын республикалык товардык-чийки зат биржасынан (УзРТСБ) алынган акыркы маалыматтарга ылайык, бир күндүн ичинде АИ-92 бензининин баасы 7,4%га өсүп, тоннасы 12,72 млн сумдан ашты. Маалыматтар көрсөткөндөй,

Салык кызматы ЭСФни жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Салык кызматы ЭСФни жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын 28-апрелиндеги №101 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорду коомдук талкууга чыгарды. Бул буйрук Салык кодексинин нормаларын ишке ашыруу чараларын жөнгө салат. Документте "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасында (ЭСФ МС) эсеп-фактураларды жараксыз деп таануу тартибин өзгөртүү каралган. Долбоорго ылайык, салык органдарынын чечим кабыл алуу жол-жоболорун тактоо сунушталууда.

"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүү менен 1 млрд сомдон ашык салык чогулду

"Базар" системасын киргизүүнүн натыйжасында Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы 1 млрд сомдон ашык салык чогултканын Ташкент шаарында өткөн Кавказ, Борбор Азия жана Монголия өлкөлөрүнүн салык ведомстволорунун жетекчилеринин III форумунда КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы "Базар" маалыматтык системасын ишке