Бир нече автоунааны, 4 миң долларды алдап алган жаран кармалды

Бир нече автоунааны, 4 миң долларды алдап алган жаран кармалды

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (БШИИБ) ыкчам кызматкерлери өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылыктардын сериясына шектүү жаранды кармашканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 15-январында Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жоопкерчилиги чектелген коомдун өкүлү арыз менен кайрылган. Ал жаран А. А.га карата чара көрүүнү суранган.

Арызда көрсөтүлгөндөй, 9-январда Э. Б. компаниянын өкүлдөрүнүн ишенимине кирип, Хоргос – Москва – Белгород багыты боюнча автоунааларды жеткирүү шылтоосу менен жалпы баасы 159 270 долларды түзгөн төрт автоунааны, ошондой эле 4 000 долларды өзүнө ыйгарып алган.

БШИИБден билдиришкендей, шектүү макулдашылган маршрутту атайылап бузуп, “Дунларова” чек ара бекети аркылуу Кыргызстандын аймагына кирип, автоунааларды өз каалоосу боюнча пайдаланган. Тергөөнүн версиясына ылайык, алынган каражаттарды жеке муктаждыктарына жумшаган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык”) менен кылмыш иши козголду.

Тергөөнүн жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ШИИБдин кызматкерлери 1988-жылы туулган шектүү А. А.ны кармашкан. Ал Свердлов райондук ИИБинин тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга камалган.

БШИИБден кошумчалашкандай, шектүү сата элек калган төрт автоунаа табылып, алынган. Унаалар атайын айып короого токтотулду. Ошондой эле кармалган жаран башка ушул сыяктуу алдамчылык фактыларына да тиешеси бар экени аныкталган.

Мындан тышкары окуңуз

Борбор Азия сууларынын 85%ын Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан сугат үчүн пайдаланат–ЕАӨБ

Борбор Азия сууларынын 85%ын Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан сугат үчүн пайдаланат–ЕАӨБ

Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) докладында өнүгүп икеле жаткан өлкөлөлөрдө аналитиктер туруктуу өнүгүүнүн бардык багыттары боюнча өнөктөштүктү жана кызматташууну өнүктүрүүнүн өзгөчө зарылдыгын белгилешкени айтылат. Аналитиктер Борбор Азиядагы Арал деңизинин бассейни эки негизги көйгөйгө – суу жана энергетика инфраструктурасына инвестициялардын жетишсиздиги жана натыйжалуу регионалдык кызматташуунун жоктугуна туш болгонун баса белгилешкен. Бул факторлор региондо

Ломбарддардагы максималдык ставка 30%дан ашпайт

Ломбарддардагы максималдык ставка 30%дан ашпайт

Финансылык рынокту көзөмөлдөө, тескөө жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башкы адиси Сүйөркул Ашимжан уулу радионун түз эфиринде ломбарддардагы насыялар боюнча жаңы пайыздык чендер тууралуу айтып берди. Анын айтымында, 2018-жылдан тарта киргизилген ишкерлерди текшерүүгө мораторий чакан жана орто бизнести, анын ичинде ломбарддарды колдоо максатында кабыл алынган. Ошол эле учурда, мораторий күчүндө турган

Бишкекте “Батыш айланма жолун” ишке ашыруу макулдашылды

Бишкекте “Батыш айланма жолун” ишке ашыруу макулдашылды

Бишкекте “Батыш айланма жолу” долбооруна кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бишкек шаарында “Батыш айланма жолу” мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбооруна байланыштуу кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди. Документке Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, Бишкек шаарынын мэриясы,

"Иркештамда" электрондук кезек күтүү тутуму үчүн жер бөлүндү

"Иркештамда" электрондук кезек күтүү тутуму үчүн жер бөлүндү

МинКаб 2025-жылдын 29-декабрындагы № 1163-р тескемесине ылайык, "Иркештам автожол" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу автотранспорт каражаттары үчүн электрондук кезек тутумун киргизүү жана күтүү аймагын уюштуруу максатында жер тилкесин берүү каралган. Аталган документке ылайык, Мамлекеттик бажы кызматына өзүнө мөөнөтсүз пайдалануу укугу менен бекитилген 20 гектар жер тилкесин белгиленген тартипте "Мамлекеттик