Кыргызстан Борбор Азиядагы транспорт байланышын чыңдоо макулдашуусуна кошулду

Кыргызстан Борбор Азиядагы транспорт байланышын чыңдоо макулдашуусуна кошулду

МинКаб Кыргызстандын Борбор Азияда жер үстүндөгү транспорттун өз ара байланыштарын чыңдоо жөнүндө макулдашууга кошулуусу тууралуу чечимди бекитти.

Бул документ эл аралык ташууларды өнүктүрүүгө, кыргызстандык ташуучулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана транспорт кызматтарынын регионалдык рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатууга багытталган.

Токтомдо белгиленгендей, аталган макулдашууга кошулуу транзиттик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө, өлкөлөр ортосундагы координацияны жакшыртууга жана региондун аймагы аркылуу жүктөрдүн жүрүшүн ылдамдатууга мүмкүндүк берет.

Тышкы иштер министрлигине республиканын макулдашууга кошулгандыгы тууралуу нотаны макулдашуунун депозитарийи — Тажикстан Республикасына жөнөтүү тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Президент Ак-Буура дарыясындагы тазалоо иштеринин жүрүшүн текшерди

Президент Ак-Буура дарыясындагы тазалоо иштеринин жүрүшүн текшерди

Президент Садыр Жапаров Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында Ак-Буура дарыясын тазалоо жана көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынан билдиришти. Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаевдин маалыматына ылайык, дарыянын 17 чакырым тилкеси текшерилип, иштерди жүргүзүүгө 24 млн сом бөлүнгөн. Жумуштарды аткарууга 22 даана атайын техника тартылып, механикалык иштер

Кочкордо 395 млн сомго жаңы автобекет курулуп жатат

Кочкордо 395 млн сомго жаңы автобекет курулуп жатат

Кочкор районунда жаңы автобекеттин курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, анын тендердик баасы 395 миллион сомду түзөт. Курулуш иштери 2025-жылдын февраль айында башталып, учурда объекттин даярдыгы 45%га жетти. Долбоорго ылайык, автобекеттин жалпы аянты 14 469 чарчы метрди түзүп, эки кабаттуу имаратты

Садыр Жапаров Ошто “Эл Пласт” ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Садыр Жапаров Ошто “Эл Пласт” ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында полимер түтүктөрүн өндүрүүчү "Эл Пласт" ишканасына барды. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ишкананын жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу 15 миң тоннага чейин жетет. Негизги керектөөчүлөр катары "Таза суу" долбоорунун алкагындагы объектилер, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык

УКМКнын үч кызматкери коррупция боюнча кармалды

УКМКнын үч кызматкери коррупция боюнча кармалды

УКМК жана башка мамлекеттик органдардын ичинде системалык коррупцияны кыскартуу жана туруктуу коррупциялык механизмдерди жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, комитеттин кызматкерлери, башка кызмат адамдары жана үчүнчү жактар катышкан коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголду. УКМКнын маалыматына ылайык, тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө мамлекеттик коопсуздук комитетинин иштеп жаткан кызматкерлери тарабынан ишкерлерден системалуу түрдө