Өлкө аймагында жол тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаап, унаа жолдорунда тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
“Кыргызавтожол-Түндүк” жана “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жана жол тазалоо жумуштары аткарылууда.
2026-жылдын 11-февралы, саат 17:00гө карата айрым ашууларда бороон болуп, жол тейлөө иштери үзгүлтүксүз уланууда. Оор жүк ташуучу унаалар үчүн мурда киргизилген убактылуу чектөө алынган эмес. Ошол эле учурда каттам бар.
Бишкек–Ош унаа жолунун Төө–Ашуу тилкесинде жол тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүүдө.
Жети дубандагы жол тейлөө ишканалары өздөрүнө бекитилген аймактарды толук көзөмөлдөп, атайын кезметтик режимде иш алып барып, кырдаалга ыкчам чара көрүп жатышат.
Министрлик айдоочуларды каршы тилкеге чыкпоого, жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга жана зарыл шаймандарды алып жүрүүгө чакырат. Ошондой эле, зарылчылык болбосо тоолуу жана ашуусу бийик жолдорго чыкпай турууну эскертет.