Токой чарбасына 20 жаңы трактор берилди

Токой чарбасына 20 жаңы трактор берилди

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматына бүгүн ӨКМге тапшырылган 116 техниканын ичинен 20 трактор берилгенин Токой кызматынын директору Мураталы Тагаев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бул тракторлор токой кызматындагы чарбалык иштерди аткарууга керектелет. Белгилей кетсек, 2025-жылы аталган кызмат өздүк каражаттын эсебинен 30 даана JAC Т8 үлгүсүндөгү атайын жол тандабас унааларды алып, республикадагы бардык токой чарбаларына таркатып берген.

“Алдыга Токой кызматынын материалдык-техникалык базасын толугу менен чыңдоо максатын койгонбуз. Негизи бизде жалпы республика боюнча 280ге жакын техникаларыбыз бар. Анын дээрлик 60%ы союздан калган техника болгондуктан, эскилиги жеткен. Андан тышкары, дрондорду алып жатабыз”,- деди ал.

Тагаев Кыргызстандын жеринин 6,4%ы токой баскан массив болуп саналаарын жана бул болжол менен 900 миң гектарга жакын токой баскан аянт экенин кошумчалады. Ошондой эле учурда токой менен байланышта турмуш-тиричилигин өткөргөн 2,5 миллионго жакын калк бар экендигин айтты.

Мындан тышкары окуңуз

"Ала-Тоо Резорт" 1,2 млрд еврого бааланды

"Ала-Тоо Резорт" 1,2 млрд еврого бааланды

Ак-Суу районунда 1,2 млрд евролук "Ала-Тоо Резорт" тоо лыжа кластеринин курулушу мониторингден өткөрүлгөнүн Экономики жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Вице-министр Медер Туманов мамлекеттик маанидеги долбоордун аткарылышын текшерди. Бул долбоор Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук курортторун бириктирип, аймакты эл аралык деңгээлдеги жыл бою иштеген борборго айлантууну максат

Парламент турак жайларды камсыздандыруу мыйзам долбоорун жактырды

Парламент турак жайларды камсыздандыруу мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети "Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү карап чыкты. Документ Министрлер кабинети тарабынан иштелип чыккан. Ага ылайык, камсыздандыруу пулу (бирикмеси) юридикалык жак макамын алып, каражатты камсыздандыруу төлөмдөрүнүн бир бөлүгүнөн түзөт. Финансы рыногун жөнгө салуу

Бишкекте экологиялык таза “жашыл такси” долбоору пландалууда

Бишкекте экологиялык таза “жашыл такси” долбоору пландалууда

Улуттук инвестициялык фонд менен биргеликте Бишкек шаарында "жашыл такси" долбоорун ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Азыркы учурда долбоорду ишке ашыруу механизмдери жана мүмкүнчүлүктөрү талкууланып жатат. Экологиялык таза транспортту өнүктүрүү айлана-чөйрөнү коргоого, абанын сапатын жакшыртууга жана туруктуу шаардык өнүгүүнү камсыз кылууга

Бишкек ИИББи сигналдык-үн күчөткүчтөр түзүлүштөрүнө тендер жарыялады

Бишкек ИИББи сигналдык-үн күчөткүчтөр түзүлүштөрүнө тендер жарыялады

Бишкека ИИББи  кызматтык унаалар үчүн сигналдык-үн күчөткүчтөр түзүлүштөрүн сатып алууга тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, 60 даана түзүлүшкө 4,8 млн сом бөлүү пландалып жатат.  Сигналдык-үн күчөткүчтөр түзүлүштөрүн ЕАЭБдин техникалык регламентинин талаптарына жооп берүүгө жана союзга мүчө өлкөлөрдүн биринде өндүрүлгөн болууга тийиш. Ошондой эле кеминде эки жылдык