Быйыл жеңилдетилген лизинг программасынын алкагында 7 млрд сомго техника берилет

Быйыл жеңилдетилген лизинг программасынын алкагында  7 млрд сомго техника берилет

Кыргызстанда 2026-жылдын ичинде жеңилдетилген лизинг программасынын алкагында жалпы баасы 7 млрд сомду түзгөн 2 миңден ашык техника берилерин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери эле 584 млн сомго 854 техника дыйкандарга берилди. Мамлекет тарабынан машина-трактордук паркты жаңылоо максатында "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" аркылуу жылдык 6% үстөк менен 7 жылдык мөөнөткө берилген лизинг программасы натыйжалуу иштеп жатат.

Аталган программа 2011-жылы башталгандан бери 29 млрд сомго 10 миң 511 даана техника берилди. Учурда аймактарда 186 машина-трактордук станция кызмат көрсөтүп, алардын карамагында 4 миңден ашык техника бар.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан былтыр сырттан 139 065 унаа импорттогон

Кыргызстан былтыр сырттан 139 065 унаа импорттогон

2025-жылдын январь — декабрь айларында Кыргызстан 139  065 жеңил автоунааны импорттоп, ага 1 млрд 78,6 млн доллар жумшаганын Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин анализинен көрүүгө болот. Мамлекетке 2024-жылга салыштырмалуу 1 967 жеңил автоунаа аз алынып келген. Баалык эсепте импорт 38,1%га төмөндөгөн. Негизинен автоунаалар 2025-жылы төмөнкү өлкөлөрдөн алынып келген: Түштүк

Жарандарды чет өлкөгө жөнөтүүгө лицензия алган компаниялардын тизмеси

Жарандарды чет өлкөгө жөнөтүүгө лицензия алган компаниялардын тизмеси

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде ведомстволор аралык комиссиянын отуруму болуп, анда Кыргыз Республикасынын жарандарына чет өлкөдө иштөөгө уруксаттарды берүү, узартуу жана жокко чыгаруу маселелери талкууланды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Комиссия Түркия, Германия, Болгария, Словакия жана Перс булуңунун өлкөлөрүндө иштөөгө уруксат берүү, узартуу жана жокко чыгаруу боюнча арыздарды карап, 28

Былтыр спорт тармагына 2,6 млрд сом бөлүнгөн

Былтыр спорт тармагына 2,6 млрд сом бөлүнгөн

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгына арналган коллегия жыйынына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кзыматынан билдиришти. Жыйында Эдил Байсалов спорт тармагына мамлекеттик колдоо жыл сайын өсүп жатканын белгилеп, 2020-жылы бюджеттен 800 млн сомго жакын каражат бөлүнсө, 2025-жылы бул сумма

Эрлист Акунбеков Айыл чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Эрлист Акунбеков Айыл чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Акунбеков Эрлист Абакирович Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик Администрациядан билдиришти. Жарлыкка ылайык, Акунбеков Эрлист Абакировичтин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – суу