Дубай аэропорту ишин убактылуу ишин токтотту
Дубай жана Ал-Мактумдагы эл аралык аэропорттор өз иштерин убактылуу токтотконун дубайлык аба майдандардын сайты билдирди. Эки жай тең жүргүнчүлөргө аэропортторго барбай турууну жана кошумча маалыматты авиакомпаниялардан алып турууну эскертишти.
Дүйнөдөгү эң көп жүргүнчү тейлеген Дубайдын эл аралык аэропортунан Бишкекке да рейстер аткарылат.
"Манас" эл аралык аэропортунун сайтындагы маалыматка караганда, Бишкектен Бириккен Араб Эмирликтеринин Дубайдан тышкары Шаржа шаарына да каттамдар бар.
Бириккен Араб Эмирликтеринин борбору Абу-Дабиде 28-февралда бир нече жарылуу болгонун Reuters жана AFP маалымат агенттиктери жергиликтүү булактарга таянып жазышты.
Иран ислам революциясынын сакчылар корпусу АКШнын жана Израилдин соңку соккуларына жооп иретинде Бахрейндеги, Катардагы жана Бириккен Араб Эмирликтеринин аймагындагы америкалык базаларга чабуул койгонун билдирип, соккуларын улантарын белгилеген.
Глобалдык авиатрафиктин Flightradar24 сайтындагы маалыматка караганда, көптөгөн компаниялар Жакынкы Чыгыштын аба мейкиндигинен учкан рейстерин токтотту.