МинКаб Нарын дарыясында көпүрө куруу боюнча JICA грантына корутундуну жактырды

МинКаб Нарын дарыясында көпүрө куруу боюнча JICA грантына корутундуну жактырды

МинКаб 2026-жылдын 21-февралындагы №101-р тескемеси менен Япония өкмөтү менен Минкабдын ноталарды алмашуу боюнча жана  "Транскаспий эл аралык транспорттук каттамы менен байланыштуулукту жакшыртууга багытталган "Бишкек—Ош" автоунаа жолундагы көпүрөнү реконструкциялоо" долбоору боюнча JICA менен түзүлгөн гранттык макулдашуу корутундусун жактырды.

Макулдашуулар 2025-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган. Долбоорду ишке ашырууга жооптуу орган болуп Транспорт министрлиги аныкталды. Корутунду Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт.

Документке ылайык, долбоор Нарын дарыясынын үстүнөн узундугу 210 метр болгон заманбап көпүрө курууну карайт. Объект Токтогул районунун "Бишкек—Ош" жолунун 315-чакырымында салынат. Ал 1964-жылы курулуп, көтөрүмдүүлүк жөндөмүн дээрлик жоготкон эски көпүрөнүн ордуна тургузулат.
Гранттык макулдашууга ылайык, Япония өкмөтү 3 млрд 190 млн япон иенасын (базардык курс боюнча 20 млн 400,9 миң доллар) грант катары берет.
МинКабдын кош каржылоосу 113,2 миң долларды (Улуттук банктын курсунда 9,9 млн сом) түзөт.

Корутундуда алмашуу ноталарын жана гранттык макулдашууну ратификациялоо республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбай турганы, каралган кошо каржылоодон тышкары, терс социалдык-экономикалык же башка кесепеттерге алып келбей турганы белгиленет.

Мындан тышкары окуңуз

"Түндүк" уставдык капиталын 300 млн сомго көбөйтөт

"Түндүк" уставдык капиталын 300 млн сомго көбөйтөт

"Түндүк" уставдык капиталы 300 млн сомго көбөйтүлөрүн жана мындай чечимди жалгыз акционер кезексиз жалпы жыйын учурунда кабыл алганын Кыргыз фондулук биржасы билдирди. Мамлекеттик "Түндүк" IT-компаниясы жүгүртүүдөгү акцияларынын санын 300 миңге көбөйтөт. Ар бир кошумча чыгарылыштагы акциянын номиналдык баасы 1 миң сомду түзөт. Эмиссиянын жалпы номиналдык баасы

Февралда 73 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Февралда 73 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан февраль айында республика аймагындагы 73 курулуш объектисине техникалык корутундулар даярдалып, тиешелүү тартипте берилди. Ведомствонун маалыматка ылайык, бул корутундулар объектилердин жер титирөөгө туруктуулугун, долбоордук чечимдердин коопсуздук талаптарына жана техникалык стандарттарга шайкештигин аныктоодо маанилүү

Бишкекте эки конушта суу берүү убактылуу токтотулат

Бишкекте эки конушта суу берүү убактылуу токтотулат

5-мартта Бишкек шаарындагы Ала-Тоо 1 жана Ала-Тоо 2 конуштарында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине суу саат 9:00дөн 21:00гө чейин берилбейт. Сууну өчүрүү

Россия картошка чипстерине мамлекет стандарт киргизип, ага Кыргызстан кошулду

Россия картошка чипстерине мамлекет стандарт киргизип, ага Кыргызстан кошулду

Россияда алгач ирет картошка чипстерине мамлекеттик стандарт — ГОСТ киргизилип жатат. Ал 2026-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет. Бул стандартка алты постсоветтик өлкө, анын ичинде Кыргызстан да кошулганын Росстандарт маалымдады. Маалыматта айтылгандай, картошка чипстери кеңири тараган популярдуу азык болгону менен, буга чейин бул продуктка бирдиктүү талаптарды аныктаган документ болгон эмес. Жаңы мамлекеттер