Джидда-Ош авикаттамы 4-мартта кайра жанданат
4-марттан тарта Джидда — Ош багыты боюнча түз авиакаттамдар кайра жанданарын Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчиси Улукбек Марипов билдирди.
Анын айтымында, бул чечим президенттин тапшырмасынын негизинде элчилик тарабынан Flynas авиакомпаниясы менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кабыл алынган.
Каттамдар жумасына үч жолу — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылат. Биринчи кезекте мурда билет сатып алып, бирок каттамдар токтотулгандыктан уча албай калган Кыргызстандын жарандары ташылат.
Мындан тышкары, элчилик Джидда — Бишкек багытын да калыбына келтирүү үстүндө иш алып барууда. Алдын ала маалымат боюнча, бул каттам жакынкы күндөрү жумасына үч жолу аткарыла баштайт.