Кыргызстан Транс-Каспий транспорттук коридорун өнүктүрүүгө көңүл бурууда
Бүгүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде Герман эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) Кыргыз Республикасындагы өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Жолугушууда тараптар Транс-Каспий транспорттук коридорунун потенциалын өнүктүрүү алкагындагы программаларды ишке ашыруу, ошондой эле мындан аркы кызматташтыктын багыттарын талкуулашты.
Министрлик тарабынан учурда ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана алдыдагы артыкчылыктуу багыттар тууралуу маалымат берилди. Атап айтканда, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагындагы долбоорлор, транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жана тармакты санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу сөз болду.
Тараптар транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу багытында кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар экенин билдиришти.
