Бишкек–Нарын–Торугарт жолунда кар көчкү тазаланып, каттам ачылды

Бишкек–Нарын–Торугарт жолунда кар көчкү тазаланып, каттам ачылды

Бишкек–Нарын–Торугарт автожолунун 297–305-чакырым аралыгында кар көчкү тазаланып, жол ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда аталган тилкеде унаалар үчүн эки тараптуу каттам камсыздалды.

Ошол эле учурда бул аймакта кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Зарыл болгон учурда жол тейлөө ишканалары тарабынан атайын техникалар жана жолчулар ыкчам иш алып барууга даяр экени белгиленди.

Министрлик жол кыймылынын катышуучуларын сак болууга жана жол коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан жакынкы 5 жылда 10 заманбап учак сатып алат

Кыргызстан жакынкы 5 жылда 10 заманбап учак сатып алат

Жакынкы беш жыл ичинде Asman Airlines авиакомпаниясынын учак паркы 10 заманбап Airbus A321 учагы менен толукталат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самадинов билдирди. Анын айтымында, бүгүн Asman Airlines компаниясы өзүнүн өнүгүүсүндө дагы бир маанилүү кадам жасап, европалык Airbus корпорациясынан 2 даана Airbus A321 учагын сатып алуу боюнча

Депутат Бекешев ЖРТны акысыз өткөрүүнү сунуштады

Депутат Бекешев ЖРТны акысыз өткөрүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев абитуриенттерден алынчу жалпы республикалык тестти (ЖРТ) акысыз кылууну сунуштады. Ал өзү абитуриент болуп жүргөн учурду эске салып, андагы тапшыруу сынагынын баасы 280 сом болгонун, кийин ЖРТда ар бир предмет үчүн 200 сомдон алынып жатканын белгиледи. Депутаттын пикиринде, мындай баа социалдык абалы жакшы эмес үй-бүлөлөргө түйшүк

Кыргызстан менен “Airbus Europe” авиация тармагында кызматташууну кеңейтет

Кыргызстан менен “Airbus Europe” авиация тармагында кызматташууну кеңейтет

Президент Садыр Жапаров 5-мартта “Airbus Europe” компаниясынын президенти Йохан Пелиссье жана “BBAM Leasing” компаниясынын улук вице-президенти Морис Прендергаст менен жолугушту. Жолугушууда Кыргызстандын жарандык авиация тармагын өнүктүрүү, жаңы учактардын эсебинен авиациялык паркты кеңейтүү жана тармактагы кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы “Airbus Europe” менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү Кыргызстан үчүн

А.Касымалиев Бишкек жана Чүйдөгү медициналык мекемелердин абалы менен таанышты

А.Касымалиев Бишкек жана Чүйдөгү медициналык мекемелердин абалы менен таанышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы бир катар медициналык мекемелердин абалы менен таанышты. Сапардын максаты жаңы имараттардын курулушунун жүрүшүн көрүп чыгып, материалдык-техникалык маселелерди талкуулоо болду. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Алгач МинКаб Төрагасы Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борборуна барып, мекеменин жаңы имаратынын курулуш