Бишкек–Нарын–Торугарт жолунда кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды
Бишкек–Нарын–Торугарт авто жолунун 304-чакырымында, Кара-Үңкүр участкасында кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда жол тейлөө ишканалары тарабынан керектүү техникалар тартылып, карды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Министрликтен билдиришкендей, жолдун абалы тууралуу кошумча маалымат кийинчерээк берилет.