Арал–Казарман автожолунда кулаган таштарды тазалоо иштери уланууда
Түндүк–Түштүк альтернативдик автожолунун Арал–Казарман участогунун 243–296-чакырым аралыгында тоо бетинен түшкөн таштарды тазалоо иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Тазалоо иштерин №18 Жол тейлөө ишканасы жүргүзүүдө. Учурда бул тилкеде унаалар үчүн бир тараптуу каттам уюштурулган.
Ошондой эле аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Ош–Сары-Таш–Эркечтам автожолунун 103-чакырымында тоо бетинен ири көлөмдөгү таштар кулап түшкөн. Учурда жолду тазалоо иштери атайын техникалардын жардамы менен жүргүзүлүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды жолдо этият болуп, коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.