Быйыл 249 долбоордук-сметалык документ экспертизадан өттү

Быйыл 249 долбоордук-сметалык документ экспертизадан өттү

Мамлекеттик экспертиза департаменти тарабынан 2026-жылдын январь–февраль айларында 249 долбоордук-сметалык документ экспертизадан өткөнүн Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери департаментке жалпысынан 323 долбоордук-сметалык документ келип түшкөн. Анын ичинен 249 долбоордук-сметалык документация боюнча экспертиза жүргүзүлдү. Алардын ичинен 192си 2025-жылдан 2026-жылга өткөн долбоорлор, ал эми 57си жыл башынан бери келип түшкөн документтер болуп саналат.

Учурда 151 документ кароодо турат жана алар боюнча экспертиза жүргүзүү иштери улантылууда. Мындан тышкары, 115 документ аныкталган кемчиликтерди жоюу жана толуктоо үчүн кайра иштеп чыгууга кайтарылды.

Министрликтен белгилешкендей, курулуш тармагында ар бир курула турган объекттин долбоордук-сметалык документи милдеттүү түрдө мамлекеттик экспертизадан өткөрүлөт. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча оң корутунду алынгандан кийин гана курулуш иштерин баштоого уруксат берилет. Бул талап курулуш объекттеринин коопсуздугун, сапатын жана техникалык нормаларга шайкештигин камсыз кылууга багытталган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Кыймылсыз мүлк

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ош облусунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Салык кызматы 66 миңден ашык ишкерди тизмеге киргизди

УчкайКЕП: Өлкөдө жума ичинде орун алган маанилүү окуялар

Баткенде электр энергиясын үнөмдөө режими киргизилет

Таласта курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды