Өлкөдөгү негизги ашууларда жол ачык, каттам үзгүлтүксүз
Бүгүн эл аралык маанидеги жана жергиликтүү маанидеги авто жолдордо, ашууларда жол ачык, чектɵɵлɵр жок. Каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Бишкек Ош автомобиль жолундагы Тɵɵ-Ашуу, Ала-Бел жана Тараз –Талас - Суусамыр автомобиль жолундагы Өтмөк ашууларында күн бүркɵк, кээ бир тилкелеринде туман каптап,жол жакшы көрүнбөй каттам үчүн кыйынчылыктар жаралууда.
Аталган жолдорду тейлеген Жол тейлɵɵ ишканалары тарабынан тынымсыз кɵзɵмɵл жүрүүдɵ.
Ошондой эле, Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда, Бишкек – Нарын -Торугарт автомобиль жолундагы Долон, Түз-Бел ашууларында жана Түп –Кеген жолунда күн бүркөк, жол ачык, каттам бар.
Белгилей кетсек, Бишкек-Нарын –Торугарт жолундагы көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Кандайдыр бир өзгөчө кырдаал жаралган учурда жол тейлөө ишканалары тарабынан керектүү атайын техникалар жана жолчулар даяр.
Зарылчылык болбосо, алыскы сапарга чыкпай туруу сунушталат, жолго чыккан учурда ылдамдык режимин жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоо зарыл, унаага чынжырчаларды даярдап алуу жана аралыкты сактоо сунушталат.