Айрым ашууларда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди
Бүгүн, 10-мартта өлкө аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу айрым тоо ашууларында күн бүркөк болуп, бороон болуп, туман каптады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Учурда Өтмөк ашуусунда, Сосновка жана Арал постторунда оор жүк ташуучу автоунааларга киргизилген чектөөлөр күчүндө.
Ал эми Бишкек–Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел ашууларында жана Суусамыр–Талас–Тараз жолундагы Өтмөк ашуусунда жеңил автоунаалар үчүн каттам ачык.
Мындан тышкары Ош–Сары-Таш–Эркечтам унаа жолундагы Тоң-Мурун ашуусунда, Бишкек–Нарын–Торугарт жолундагы Долон жана Түз-Бел ашууларында, ошондой эле Түп–Кеген жолунда унаалар үчүн каттам бар.
Жол тейлөө ишканалары түнкүсүн жааган карды жана кар күрткүлөрүн тазалоо, тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу иштерин күнү-түнү жүргүзүүдө. Подряддык компаниялар тейлеген жол тилкелеринде да тазалоо жана жол жээгин кеңейтүү иштери уланууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды жол коопсуздугун сактоого, ылдамдыкты туура тандоого, каршы тилкеге чыкпоого жана керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.