Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди
Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган.
Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык жолдордо жайгашкан.
Жергиликтүү айдоочулар жана Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн жарандары үчүн төлөм маршрутка жана транспорт каражатынын категориясына жараша аныкталат.
Бишкек — Ош негизги трассасындагы тоннелдер үчүн тарифтер
- 50 сом — жеңил автоунаалар (M1 категориясы)
- 100 сом — микроавтобустар (M2) жана 3,5 тоннага чейинки жеңил жүк ташуучу унаалар (N1, T5)
- 150 сом — автобустар (M3) жана 3,5–12 тонна жүк ташуучу унаалар (N2)
- 250 сом — 12 тоннадан жогору оор жүк ташуучу унаалар (N3)
- 500 сом — атайын техника, комбайндар жана чиркегичи бар ири габариттүү транспорт.
Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолундагы тарифтер
Көк-Арт тоннели аркылуу өтүү кымбатыраак болот:
- 100 сом — жеңил автоунаалар
- 250 сом — M2, N1 жана T5 категориясындагы транспорт
- 500 сом — автобустар жана жүк ташуучу унаалар (M3, N2)
- 700 сом — оор жүк ташуучу унаалар (N3)
- 1000 сом — чиркегичи бар техника, комбайндар жана чоң габариттүү тракторлор.
Чет өлкөлүк номердеги жана транзиттик унаалар үчүн тарифтер
Чет өлкөлүк мамлекеттик номерлери бар жана транзиттик транспорт каражаттары үчүн жогорулатылган бирдиктүү тарифтер белгиленген:
- 200 сом — жеңил автоунаалар
- 1000 сом — микроавтобустар жана жеңил жүк ташуучу унаалар
- 1500 сом — 3,5–12 тонна жүк ташуучу транспорт
- 3000 сом — 12 тоннадан жогору оор жүк ташуучу унаалар
- 5000 сом — атайын техника жана чоң габариттүү чиркегичтер.