Жибек Жолундагы көпүрөнүн түндүк тарабы пайдаланууга берилет
Бүгүн түштөн кийин Жибек Жолу көчөсүндө жайгашкан көпүрөнүн түндүк тарабы пайдаланууга берилет. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Реконструкцияга чейин көпүрөнүн туурасы 9 метр болсо, жаңылоо иштеринин жыйынтыгында ал 13 метрге чейин кеңейтилди.
Аба ырайынын начарлап жаткандыгына жана шаар тургундарынын ыңгайлуулугун эске алуу менен көпүрөнүн бир тарабы ачылып, транспорт кыймылы уюштурулат. Көпүрөнүн экинчи тарабын март айынын аягында ачуу пландалууда.
Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан реконструкциялоо иштеринин калган бөлүгүн толук аяктоо боюнча иштер улантылып жатат.