Кабаттуу унаа токтотуучу жайлар курулуп, сааттык төлөм киргизилет,— мэрия
Бишкекте унааларды токтотуу үчүн сааттык төлөм киргизүү жарандардын коомдук транспортко өтүүсүнө түрткү берерин мэриянын унаа токтотуучу жайларды уюштуруу бөлүмүнүн адиси Кубанычбек Иманалиев Биринчи радионун эфиринде билдирди.
Анын айтымында, азыркы учурда унаа токтотуучу жай үчүн төлөм өтө арзан болгондуктан (күнүнө 25 сом), айрым айдоочулар унааларын бир жумага же бир айга чейин ошол жерде калтырып кетишет.
"Эгер Бишкек шаардык кеңеши сааттык төлөмдү жактырса, анда бул пайдалуу болбой калат. Алгачкы эки саат үчүн 30–50 сом, андан кийинки ар бир саат үчүн 20 сомдон төлөөгө туура келет. Айрымдар акырындап коомдук транспортко, ал эми жайкысын велосипед же самокатка өтүшөт. Альтернативалар көп. Бул жолдордогу тыгындарды кыйла азайтат", — деди Кубанычбек Иманалиев.
Ал Бишкектеги унаа токтотуу маселесин чечүү үчүн негизги чараларды да атады:
- муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын санын көбөйтүү;
- көп кабаттуу унаа токтотуучу жайларды куруу;
- ротордук унаа токтотуучу жайларды орнотуу;
- жолдорду кеңейтүү жана жаңы унаа токтотуучу "чөнтөкчөлөрдү" уюштуруу;
- сааттык төлөм системасын киргизүү.
Анын айтымында, шаардын төрт районунун ар биринде 2–3төн көп кабаттуу унаа токтотуучу жай куруу пландалууда. Ар бири 200–300 унаага, айрым жерлерде 500 унаага чейин ылайыкталат.
"Жетекчилик тарабынан жер тилкелерин аныктап, процессти баштоо боюнча тапшырма берилди. Кээ бир унаа токтотуучу жогору карай, айрымдары жер астына курулат — бул жердин жайгашкан жери менен аянтына жараша болот", — деп түшүндүрдү ал.