Бишкекте 31 жаран 2 млн 906 миң сомдук камсыздандыруу төлөмдөрүн алды

Бишкекте 31 жаран 2 млн 906 миң сомдук камсыздандыруу төлөмдөрүн алды

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун(МКУ) Бишкек филиалы 31 жаранга ОСАГО жана КАСКО полистери боюнча жалпы 2 млн 906 миң сомдук камсыздандыруу төлөмдөрүн тапшырды.

Филиалдын директорунун орун басары Бактыбек Жунусовдун айтымында, мурда төлөмдөр бир ай ичинде каралса, уюм жетекчилигинин талабына ылайык, акыркы учурда 2 жуманын ичинде берилүүдө.

"Бүгүн жарандар төлөм сертификаттарын алып жатышат. Бишкек филиалы камсыздандыруучуларга жыл башынан бери 48 млн 959 миң сом төлөп берди. Ал эми 2025-жылы жалпысынан 69 млн 746 миң сом төлөнгөн. Бул салыштырмалуу эң жогорку көрсөткүч болуп саналат. Бишкек шаарында 2 миллиондун тегерегинде транспорт каражаты бар деп саналса, биздин талдоолорго ылайык, 2025-жылы алардын 10%ы камсыздандырылган. Негизи биздин уюмдан сырткары 17 жеке менчик компания бар, алар дагы ушул багытта иш алып барышат", — деди орун басар.

Белгилей кетсек, "ОСАГО" — бул автотранспорт каражат ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу программасы. 

"ОСАГО жөнүндө" мыйзам 2016-жылы кабыл алынып, 2025-жылдын 1-сентябрынан тарта толук күчүнө кирген.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 2025-жылы интернет шылуундар 826,4 млн сомду алдап алышкан

Кыргызстанда 2025-жылы интернет шылуундар 826,4 млн сомду алдап алышкан

Кыргызстанда ушул тапта дроппер иши боюнча 171 кылмыш иши козголуп, 226 адам дропперлик кылган деп шек саналып жатканын ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кеӊештин 12-марттагы отурумунда айтты. Ал айрымдар сим-картасы же банк эсеби шылуундук иштерге колдонуларын билип туруп сатып жиберген учурлар бар экенин кошумчалады. Анын сөзүнө караганда,

Фискалдык программа долбооруна мончо, сауна жана фастфуд кошулду

Фискалдык программа долбооруна мончо, сауна жана фастфуд кошулду

Мамлекеттик салык кызматы фискалдык программалык камсыздоону киргизүү боюнча пилоттук долбоордун катышуучуларынын тизмеси кеңейтилгенин билдирди. Эми пилоттук долбоорго мончо жана сауна кызматтарын көрсөткөн ишкерлер, ошондой эле бирдиктүү бренд алдында иштеген коомдук тамактануу ишканалары жана тез тамактануу жайлары да кошулду. Мындан тышкары, жогоруда аталган категорияларга кирбеген салык төлөөчүлөр да Салык кызматы менен

"Кыргызкөмүр" ААКы былтыр көмүр өндүрүшүн 1 млн 385 миң тоннага жеткирди

"Кыргызкөмүр" ААКы былтыр көмүр өндүрүшүн 1 млн 385 миң тоннага жеткирди

Кыргызстандагы көмүр өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнүн болжол менен 30%ын камсыз кылган "Кыргызкөмүр" мекемеси 2025-жылы 1 млн 385 миң тонна көмүр өндүргөнүн мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Бул көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп. Ошондой эле кыртыш ачуу иштеринин көлөмү 9 млн 700 миң куб метрди түзүп, пландан

"Кепилдик фонд" ишкерлерге 18 млрд сомдон ашуун кепилдик берди

"Кепилдик фонд" ишкерлерге 18 млрд сомдон ашуун кепилдик берди

"Кепилдик фонд" ААКсы өлкөнүн ишкерлерин колдоо багытында иштеп баштагандан бери берилген кепилдиктер боюнча каражаттардын кайтарымдуулугунун жогорку деңгээлин сактап келет. Бул тууралуу "Кепилдик фонддон" билдиришти. Фонддун тогуз жылдык ишмердүүлүгүндө бул көрсөткүч 97,6%дан 100%га чейин өзгөрүп келген. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча кайтарымдуулук 98,22%ды түздү.