Берлинде массалык иш таштоодон улам 57 миң жүргүнчү уча албай калды

Берлинде массалык иш таштоодон улам 57 миң жүргүнчү уча албай калды

Берлин-Бранденбург аэропортунда 18-мартка белгиленген иш таштоого байланыштуу бардык каттамдар токтотулганын Deutsche Welle маалымдады.

Иш таштоонун натыйжасында жалпы 445 каттам жокко чыгарылып, болжол менен 57 миң жүргүнчү уча албай калган. Жүргүнчүлөргө билет маселеси боюнча өз авиакомпанияларына кайрылып, башка жолдорду карап чыгуу сунушталууда.

Иш таштоону Ver.di (ири кесиптик бирликтер) уюштурган. Алар аэропорттун 2 миңге жакын кызматкерин бир күндүк эскертүү акциясына чыгууга чакырган. Кесиптик бирликтер кызматкерлердин айлыгын кеминде 6% көбөйтүүнү же айына 250 евро кошуп берүүнү талап кылууда. Бирок аэропорттун жетекчилиги бул сунуштарды колдогон эмес.

Акыркы сүйлөшүүлөрдө иш берүүчүлөр айлыкты этап-этабы менен, 2028-жылдын аягына чейин көбөйтүүнү сунуштаган. Бирок бул жылына орточо 1% гана өсүш берет деп эсептелүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Lufthansa компаниясындагы иш таштоо да Германия боюнча каттамдардын токтошуна алып келген.

Мындан тышкары окуңуз

Россияда бензиндин биржалык баалары кескин жогорулады

Россияда бензиндин биржалык баалары кескин жогорулады

Бензиндин баасы Санкт-Петербург товардык биржасында жыл башынан берки эң жогорку деңгээлге жеткенин Lenta.ru маалымдады. 16-марттагы соода жыйынтыгында аталган биржада бензин жана дизелдик күйүүчү майдын баалары жыл башынан берки рекорддук деңгээлди жаңылады. * Аи-92 бензини 2,02%га кымбаттап, тоннасы 66 514 рублга жетти; * Аи-95 бензини 1,63%га өсүп, 70

Маданият мекемелерине 117 жаңы автоунаа тапшырылды

Маданият мекемелерине 117 жаңы автоунаа тапшырылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев маданият мекемелерине автоунааларды тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттөн билдиришти. Иш-чаранын алкагында ата мекендик өндүрүштөн алынган 117 кызматтык унаа тапшырылды. Бул максатка 176,9 млн сом бөлүнгөн. Өкмөт башчы өз сөзүндө маданият тармагын каржылоо акыркы жылдары туруктуу өсүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, 2021-жылы тармактын бюджети 2,8

Жумуртканын баасы турукташууда

Жумуртканын баасы турукташууда

Бишкек шаарында тоок жумурткасынын баасын турукташтыруу боюнча Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүп, рыноктогу абал көзөмөлгө алынды. Аталган кызматтан билдиргендей, 14–15-март күндөрү жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында базарларда жана соода түйүндөрүндө жумуртканын баасы төмөндөгөнү байкалды. Азыркы учурда баалар 10 даана үчүн орточо 110 сомдон 160 сомго чейин түзүүдө.

Лейлек районунда  3 миңден ашык адамды таза суу менен камсыздоочу система курулат

Лейлек районунда 3 миңден ашык адамды таза суу менен камсыздоочу система курулат

Баткен облусунун Лейлек районундагы Мурас айылында "Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу" долбоорунун алкагында жаңы суу менен камсыздоо системасын куруу иштери активдүү жүрүүдө. Учурда курулуш иштери жыйынтыктоочу этапта, жакынкы аралыкта айылдын 3 миңден ашуун тургуну таза жана коопсуз ичүүчү сууга жеткиликтүүлүккө ээ болот. Бүгүнкү күндө таза суу