"Дордой" базарынын дал ортосунан өткөн жаңы жол курулат

"Дордой" базарынын дал ортосунан өткөн жаңы жол курулат

Бишкектеги "Дордой" базарынын ички инфраструктурасын жакшыртуунун алкагында Ибраимов жана Элебесов көчөлөрүн туташтыруучу жаңы жолду, ошондой эле борбордук өтмөккө чейинки кошумча жолду салуу пландалып жатканын калаа мэри Айбек Жунушалиевдин "Дордой" ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.

Тараптар базардын ички инфраструктурасын өнүктүрүү жана көрктөндүрүү маселелерин талкуулап, жаңы жол байланышы кыймылды жеңилдетип, ишкерлер менен сатып алуучулар үчүн логистиканы жакшыртарын белгилешти. 

Курулуш жумуштары 1-апрелден тарта башталат.

Бул долбоорду ишке ашыруу базардын аймагында жүрүүнү жеңилдетип, соода жүргүзүү үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды түзөрү күтүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Эки айда айыл чарба продукциясы 29,8 млрд сомго жетти

Эки айда айыл чарба продукциясы 29,8 млрд сомго жетти

Быйыл январь-февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда экономикалык өсүштүн оң динамикасы сакталууда. Бул тууралуу экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматына ылайык, ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 264,1 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 108,8 % болду. Айыл чарба тармагында эки ай ичинде 29,8 млрд сомдук

Адамдарды кайырчылыкка тарткандарга 20 миң сом айып пул салынат

Адамдарды кайырчылыкка тарткандарга 20 миң сом айып пул салынат

Жогорку Кеңештин сот-укуктук маселелер, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитети кайырчылыкка каршы мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Мыйзам долбооруна ылайык, Укук бузуулар кодексине кайырчылыкка байланыштуу жаңы нормаларды киргизүү сунушталууда. Ага ылайык: * жолдун жүрүүчү бөлүгүндө кайыр сурагандыгы үчүн, * же коомдук жайларда адамдарга жабышып, акча же жардам сурагандыгы үчүн жаза

Бишкектеги №195 каттамдын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкектеги №195 каттамдын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлдү

Бишкек шаарында оптимизациялоо иштеринин алкагында, 2026-жылдын 18-мартынан тартып №195 каттамдын кыймыл-чиймеси убактылуу өзгөртүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Буга ылайык, аталган каттам мындан ары Бөкөнбаев көчөсү аркылуу эмес, Логвиненко көчөсү аркылуу өтөт. Урматтуу шаар тургундары жана коноктору, киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алып, сапарларыңызды алдын ала пландап алууну өтүнөбүз. Ошондой эле коомдук транспортту

Жыл башынан бери өнөр жай тармагы 15%дан ашык өстү

Жыл башынан бери өнөр жай тармагы 15%дан ашык өстү

2026-жылдын январь-февраль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда экономикалык өсүштүн оң динамикасы сакталууда. Айрыкча өнөр жай тармагында жогорку көрсөткүчтөр катталды. Улуттук статистиканын маалыматына ылайык, эки ай ичинде өнөр жай ишканалары 147,8 млрд сомдук продукция өндүрүп, өсүү темпи 15,5%ды түздү. Ал эми "Кумтөр" кенин эсепке албаганда, өсүш 29%