Кыргызстан менен Беларусь айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таанууну макулдашышты
МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоорун жактырды.
Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 27-февралындагы №118-т тескемесинде айтылгандай, Президенттин иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун директору аталган макулдашууну Министрлер кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укуктуу.
Макулдашууга ылайык, тараптар бири-биринин мамлекетинин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген жарактуу улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү алмашуу максатында өз ара тааныйт. Айдоочулук күбөлүктөр макулдашуунун тиркемесинде көрсөтүлгөн эквиваленттүүлүк таблицасына ылайык, теориялык жана/же практикалык экзамендерди тапшырбастан алмаштырылат.
Тараптардын биринин мамлекетинин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген жарактуу улуттук айдоочулук күбөлүктөрүнүн ээлери, эгерде алар экинчи тараптын аймагында жашоого уруксат (жашап турууга уруксат) алган болсо, каалаган убакта экинчи тараптын ыйгарым укуктуу органына кайрылып, өз айдоочулук күбөлүктөрүн макулдашуунун жоболоруна ылайык ошол тарап берген айдоочулук күбөлүккө алмаштыра алышат.