Манас – Багыш багытында 4 тилкелүү автожол курулууда
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түштүк" мамлекеттик ишканасы тарабынан Манас шаарынан Багыш айылына чейинки автожолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзгөн жол мурдагы темир жолдун ордуна салынууда.
Учурда курулуш иштеринин алкагында эски темир жол конструкциялары алынууда. Ошондой эле жолдун негизин даярдоо жана тегиздөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Министрликтин маалыматына ылайык, бардык иштер техникалык талаптарга ылайык аткарылууда.
Белгилей кетсек, жаңы автожол 4 тилкелүү болуп курулат.

