АКШ Иран мунайына коюлган санкцияларды бир айга алды
АКШнын Каржы министрлиги Иран мунайына карата санкцияларды бир айлык мөөнөткө алып салганы ведомство чыгарган башкы лицензияда айтылган.
Маалыматка ылайык, Америка Кошмо Штаттары 30 күнгө — 19-апрелге чейин — 20-мартка карата жүктөлүп, жолдо болгон Иран мунайы жана мунай продуктыларын сатып алуу жана сатууга коюлган чектөөлөрдү убактылуу жокко чыгарды.
АКШнын Каржы министри Скотт Бессенттин баалоосу боюнча, бул чара дүйнөлүк рынокко болжол менен 140 млн баррель мунай чыгарууга мүмкүндүк берет. Бул өз кезегинде тартыштыкты жарым-жартылай азайтып, баалардын төмөндөшүнө жардам берет. Баалар АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушунун айынан Тегеран Ормуз кысыгындагы коммерциялык кеме каттамын бөгөттөгөндөн кийин кескин өсүп кеткен. Бул кагылышуу төртүнчү жумага уланды.
Согуш башталганга чейин Иран мунайынын негизги сатып алуучусу Кытай болгон. Эске салсак, буга чейин АКШ Россия мунайына карата да ушундай эле убактылуу санкцияларды жумшарткан.