1-апрелден тарта Ош-Ташкент-Ош авиакаттамы ишке кирет

1-апрелден тарта Ош-Ташкент-Ош авиакаттамы ишке кирет

1-апрелден тарта Centrum Air авиакомпаниясы Ош — Ташкент — Ош багыты боюнча туруктуу каттамдарды ишке киргизерин "Кыргызстан аэропорттору" ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Учуу каттамдары жумасына эки жолу — шаршемби жана ишемби күндөрү — Airbus A320 family учактары менен аткарылат. Учуу узактыгы болжол менен 1 саат 10 мүнөттү түзөт.

Билеттердин эң төмөнкү баасы эки тарапка 1,5 млн сумдан (болжол менен 11 миң сом же 124 доллар) башталат, жүк акысы бул суммага кирбейт. Билеттерди авиакомпаниянын расмий сайтынан жана сатуу каналдары аркылуу сатып алууга болот.

Каттамдардын графиги Ташкент шаарындагы ыңгайлуу туташууларды эске алуу менен түзүлгөн. Бул Ош шаарынан учкан жүргүнчүлөр үчүн авиакомпаниянын башка багыттарына учууга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

"Кыргызстана аэропорттору" белгилегендей, жаңы каттамдын ачылышы туризм менен бизнестин өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы байланышты чыңдайт.

Centrum Air — 2023-жылы негизделген, Ташкент шаарында жайгашкан Өзбекстандын жеке авиакомпаниясы. Ал ички жана эл аралык каттамдарды аткарып, Борбор Азия жана башка аймактар боюнча маршруттук тармагын кеңейтүүдө. Авиакомпаниянын паркында Airbus A320 family жана A321 учактары бар.

Мындан тышкары окуңуз

Алтындын бир трой унциясы 4 миң 200 доллардан төмөн түштү

Алтындын бир трой унциясы 4 миң 200 доллардан төмөн түштү

Алтынга болгон фьючерстин баасы бир трой унция үчүн 4 миң 200 доллардан төмөн түштү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын 9-декабрынан бери биринчи жолу катталганын Comex соода аянтчасынын маалыматтары көрсөтөт. Бишкек убактысы боюнча саат 12:28ге карата алтындын баасы 7,22%га төмөндөп, бир трой унциясы 4 миң 244,4 долларды түзгөн. Ал

Түштүк ооруканаларына заманбап медициналык жабдууларды алууга Япония 1,8 млрд ийен грант берет

Түштүк ооруканаларына заманбап медициналык жабдууларды алууга Япония 1,8 млрд ийен грант берет

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын министрлер кабинети менен Япониянын өкмөтүнүн ортосундагы “Түштүк региондорундагы рефералдык ооруканаларда медициналык жабдууларды жакшыртуу” долбоору боюнча ноталарды алмашуу жана Кыргызстандын министрлер кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы “Түштүк региондорундагы рефералдык ооруканаларда медициналык жабдууларды жакшыртуу” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзам

Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов УКМКнын террордук чабуулуна кабылганын айтты

Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов УКМКнын террордук чабуулуна кабылганын айтты

“Аю Холдинг” ишканасынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовдун 15-мартта жазган билдирүүсү социалдык тармактарга 22-мартта тарай баштады. Анын жакындары билдирүү жарыяланган аккаунт Абдыкеримовдун өзүнө тиешелүү экенин ырастаганын "Азаттык" жазды. Анда Абдыкеримов ал УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков анын бизнесине “террордук чабуул жасаганын” жазган. Анын белгилешинче, бул иштер атайын

Япония "Кыргызстан электр тармактарынын" окуу борборун жаңыртууга 1,5 млрд доллар бөлөт

Япония "Кыргызстан электр тармактарынын" окуу борборун жаңыртууга 1,5 млрд доллар бөлөт

Президент Садыр Жапаров "Кыргызстанда электр тармактарын пайдалануу жана тейлөө боюнча окуу борборунун потенциалын чыңдоо" долбоору боюнча ратификациялоо мыйзамына кол койду. Кыргызстандын министрлер кабинети менен Япония өкмөтүнүн жана Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы гранттык макулдашуу жөнүндө болуп жатат. Долбоордун негизги максаттары: * "Кыргызстан улуттук электр тармагы"