Түштүк ооруканаларына заманбап медициналык жабдууларды алууга Япония 1,8 млрд ийен грант берет

Түштүк ооруканаларына заманбап медициналык жабдууларды алууга Япония 1,8 млрд ийен грант берет

 Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын министрлер кабинети менен Япониянын өкмөтүнүн ортосундагы “Түштүк региондорундагы рефералдык ооруканаларда медициналык жабдууларды жакшыртуу” долбоору боюнча ноталарды алмашуу жана Кыргызстандын министрлер кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы “Түштүк региондорундагы рефералдык ооруканаларда медициналык жабдууларды жакшыртуу” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2026-жылдын 26-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Жогоруда белгиленген гранттык макулдашуу менен Япония өкмөтү Кыргызстандын министрлер кабинетине “Түштүк региондорундагы рефералдык ооруканаларда медициналык жабдууларды жакшыртуу” долбоорун министрлер кабинети тарабынан ишке ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн 1 млрд 801 млн япон йенине чейин грант берет.

Аталган долбоор Кыргызстандын түштүк облустарынын рефералдык ооруканаларына жүрөк-кан тамыр ооруларын жана онкологиялык ооруларды дарылоо үчүн медициналык жабдууларды берүү жолу менен жугуштуу эмес ооруларды диагностикалоо жана дарылоо жаатындагы потенциалды чыңдоого багытталган.

Бул долбоорду ишке ашыруу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын калкына адистештирилген медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн кыйла жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

Жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөрдү аныктоого багытталган рейд жүрүүдө

Жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөрдү аныктоого багытталган рейд жүрүүдө

“Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы тарабынан коомдук транспортто жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөрдү аныктоо максатында күн сайын рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Анын максаты белгиленген 17 сом өлчөмүндөгү жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөрдү аныктап, жарандардын жоопкерчилигин жогорулатуу болуп саналат. Аталган ишкананы маалыматына караганда, рейддердин жүрүшүндө коомдук транспортто жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөргө карата тиешелүү

Ишкер Media
Коопсуздук эрежесин бузган курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Коопсуздук эрежесин бузган курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек башкармалыгы курулуш объектилерин текшерүүнү улантууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, көзөмөл учурунда Көкөн тар көчөсү 25, 23, 21, 19 даректериндеги 9 кабаттуу турак жай жана 7 кабаттуу админ борбордун курулушунда ченемдер жана коопсуздук талаптары сакталбаганы аныкталды. Жыйынтыгында курулушту жүргүзгөн "Байхан Строй"

Ишкер Media
Өлкөдө бир аптада сасык тумоо менен ооруган 5,6 миңден ашык бейтап катталды

Өлкөдө бир аптада сасык тумоо менен ооруган 5,6 миңден ашык бейтап катталды

Өлкөдө бир аптада сасык тумоо менен ооруган 5,6 миңден ашык бейтап катталды. Алардын 4 миңге жакыны 14 жашка чейинки балдар. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирет. Мекеменин маалыматына караганда, сасык тумоо, вирустук инфекция жана коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал азырынча күтүлгөн деңгээлде сакталууда. Учурда

Ишкер Media
Бишкекте 80 млн сомго заманбап терапия корпусу ачылды

Бишкекте 80 млн сомго заманбап терапия корпусу ачылды

7-октябрда №1 шаардык клиникалык ооруканада жаңы терапия бөлүмү ачылды. Корпус "Ас-Сафа" коомдук бирикмесинин каржылоосу менен курулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Билдирүүгө караганда, 4 кабаттуу имараттын аянты 1 530 чарчы метр. Долбоордун наркы - 80 млн сом. Жер төлөдө - лабораториялар, кир жуучу жай жана техникалык бөлмөлөр.

Ишкер Media