Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов УКМКнын террордук чабуулуна кабылганын айтты

Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов УКМКнын террордук чабуулуна кабылганын айтты

“Аю Холдинг” ишканасынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовдун 15-мартта жазган билдирүүсү социалдык тармактарга 22-мартта тарай баштады. Анын жакындары билдирүү жарыяланган аккаунт Абдыкеримовдун өзүнө тиешелүү экенин ырастаганын "Азаттык" жазды.

Анда Абдыкеримов ал УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков анын бизнесине “террордук чабуул жасаганын” жазган. Анын белгилешинче, бул иштер атайын кызматтын мурдагы жетекчилигинин дайындоосу менен болгон.

Абдыкеримов бул окуялардан кийин беш жолу операция болгонун, инсульт алганы жана жүрөк оорусу тууралуу жазган.

“Отуз жылдын ичинде эбегейсиз зор холдинг Компания кантип өсүп, кантип миңдеген адамдарды жумуш менен камсыз кылды? Анан эле үч жылга жетпеген убакыт ичинде бүт баары кантип талкаланып жок болду? Мунун баары менин жашоомдогу эч качан эстен кеткис окуяларым”.

УКМК былтыр сентябрда “Аю Холдинг” ишканасынын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго таандык жалпы баасы 10 млрд сомдон ашык бир катар ири соода-оюн-зоок борборлору жана өнөр жай объектилери мамлекетке алынганын билдирген.
Атайын кызмат “Аю Холдинг” узак убакыт бою милдеттүү салыктарды, социалдык жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн качып, мүлкүнүн бир бөлүгүн аффилирленген жактарга каттатып, мыйзамсыз кирешелерди адалдоо үчүн мамлекеттик органдарга жасалма финансылык отчетторду тапшырып турганы аныкталганын кабарлаган.

Өткөрүлгөн мүлктөрдүн арасында Бишкек шаарынын Токтогул №126 дарегинде жайгашкан коммерциялык имарат бар. Анын баасы 95 млн сомдон ашык деп бааланган. 4 млрд сомдон ашык акчага бааланган “АЮ Гранд” соода борбору да мамлекетке алынган. Ысык-Көлдөгү коттедждер жана бир катар имараттар бар.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев ошол кезде ишкана өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүлгөнүн айткан. Андан бери УКМК “Аюнун” бир нече мүлкү өкмөткө кайтарылганын кабарлаган.

“АЮ Холдинг” мындан 20 жылдан ашык мурда негизделген. Курамына 30дай ар түрдүү багытта иштеген компаниялар кирет, алардын катарында “АЮ Курулуш”, “АЮ Гранд”, “АЮ Лизинг”, “АЮ Гарант”, “Токмок булз”, “Ак сарай” жана башкалар бар. Бишкектин Биринчи май райондук соту 2024-жылдын 17-апрелинде “Аю Холдингге” байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча “АЮ” компаниясынын директору Тыныбек Исаев баш болгон 5 кызматкерге өкүм чыгарган.

Абдыкеримовго беш берене менен айып тагылып, издөө жарыяланган.

Мындан тышкары окуңуз

"Кошой" ААК заводунда электрондук кезек фермерлердин ишин жеңилдетти

"Кошой" ААК заводунда электрондук кезек фермерлердин ишин жеңилдетти

Сокулуктагы "Кошой" ААК кант заводунда 2 жылдан бери электрондук кезек системасы иштеп жатат. Анын аркасында кант кызылчасын ташыган унаалар кезек күтпөстөн, код аркылуу заводго кирип, кант кызылчасын тапшырып, кайра эгин талаасына барып, бир күндө 2 жолудан каттап жатышат. Борбордук кант кызылчасын кабыл алуу пунктунун башчысы Каныбек Талангутовдун айтымында,

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга иш сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга иш сапары аяктады

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун 8-9-октябрда Түркмөнстанга болгон иш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Маалыматка ылайык, 8-октябрда мамлекет башчысы Борбордук Азия жана Азербайжан лидерлеринин Консультативдик жолугушуусуна катышып, мөңгүлөрдү жана тоо экосистемаларын сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Жыйынтыгында лидерлер Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Ошол эле күнү Садыр Жапаров Түркмөнстандын

Ишкер Media
Эдуард Кубатов Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен туризмди өнүктүрүүнү талкуулады

Эдуард Кубатов Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен туризмди өнүктүрүүнү талкуулады

8-октябрда Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу агенттиктен маалымдашты. Билдирүүгө караганда, жолугушууда Кыргызстандын туризм тармагын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары, инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрү жана Дүйнөлүк банктын колдоо механизмдери талкууланды. Тараптар Агенттиктин учурдагы иштери жана "Сужан" долбоорунун абалы боюнча

Ишкер Media
Касымалиев күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйын өткөрдү

Касымалиев күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйын өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Жыйында энергетикалык абал, жылуулук менен камсыздоочу ишканаларды жана бюджеттик мекемелерди кышка даярдоо, отун менен камсыздоо жана калкты көмүр менен камсыздоо маселелери каралды. Маалыматка ылайык, 2026-жылы республика боюнча

Ишкер Media